УКМК: Жалал-Абаддагы митингчилерге облустун башкармалыгынын жетекчилиги жолукту

Окуялар тизмеги 02 Янв 2021 19:04
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги 2-январда нааразылык акциясына чыккандар менен жолугуп, Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Атайын кызматтын кабарлашынча, УКМКнын облустагы башкармалыгынын алдына үч жүздөй киши топтолгон. Алар атайын кызматтын өкүлдөрүнөн тополоңго айыпталып кармалгандарды үй камагына чыгаруу жана жергиликтүү күч органдарындагы кызматкерлерге карата козголгон кылмыш иштерди акыйкат тергөөнү өтүнүшкөн.

2-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун тарапташтары, Ак-Дөбө айылынын тургундары нааразылык акциясына чыккан.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.