Бул жарым саатты эле алды, дем алуу жеңил болуп калды. Бир нерсени өзгөртсө болот деген сезим пайда болду. Урматтуу окурмандар, сураныч сырттан карап турбаңыздар. КРнын башкы прокуратурасынын интернет сайтына кирип, судья Соодонбековго арыз таштап койгула. Бул фамилияны укканда зордукталган кыздын атасы эмнеге селт этип кетерин түшүндүрүп деле кереги жок го?
Он үч жашар кызды зордуктаган 2 эркекти актап, үчүнчүсүнүн беренесин жеңилдеткен сот тууралуу маалымат тез эле жайылды жана биз муну жөн калтырып койбой адилеттүүлүктү талап кылышыбыз керек. Балдар зомбулукка кабылган коом – чириген коом. Балдарды зордуктоо – бул эң чоң көйгөй. Бул бардык өлкөлөрдө бар. Изилдөөлөгө ылайык, зомбулуктун мындай формасы боюнча төмөнкүдөй фактылар бар:
• жапа чеккендердин 40 пайызы жакын туугандарынан жабыркашат: атасы, чоң атасы, байкеси, өгөй атасы ж.б.;
• кылмышкерлердин 50 пайызы – кошуналар же үй-бүлөнүн достору;
• кылмышкерлердин 10 пайызы – тааныштар же бейтааныш адамдар.
Тилекке каршы, Кыргызстанда бардык жерде мыйзамсыздык орногон. Бирок иш балдарга карата зомбулук тууралуу болуп жатканда унчукпай отуруу – кылмыш кылууга барабар. 13 жашар кызды зордуктагандардын туугандары жана тааныштары ар кандай шылтоолорду айтышууда. Ал өзү бузулган кыз болчу деп айтышты кылмышкерлердин бири, ал өзү 5 маал намаз окуй турганын да кошумчалады. Келгиле, бир нерсени тактап коёлу: кылмышты күч колдонуп, коркутуп-үркүтүп же психологиялык кысым көрсөтүп жасаган адам ар дайым күнөөлүү болот. Сексуалдык зомбулук – бул кылмыш. Демек, жабыр тарткан адам эмес, кылмышкер күнөөлүү.
Айрым учурларда зордукталган кыздарды “ал өзү кыска кийинип, өзү кызыктырган…”, “ал бир жерге чогу барган…”, “ал тиги баланын үйүнө барган, демек өзү азгырган…”
Бирок зордуктоо керекпи же жокпу кылмышкердин чечими да.
Аял, келин, кыз жакшынакай эле кийинип, өзүн жакшы алып жүрүп, эркектердин үйүнө барбаса деле зордукталышы мүмкүн. Демек, кеп аял затында эмес.
Аялдар чапталышкан джинсы кийгени менен, мени зордукта деп эркектин койнуна кире калбайт. Демек, кеп кыздарда эмес.
Эгерде аял өзүн өөп, эркелеткенге жол берсе, бул анын жыныстык катнашка да барууга макул экенин билдирбейт.
Ысык-Көлдө кыздын зордукталганына ЮНИСЕФ, БУУ-аялдары жана Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгы (АУЖКБ) дароо реакция кылышты. Бул уюмдар Кыргыз Республикасынын улуттук институттарын гендердик зомбулукка кабылгандарды, зомбулукка кабылган балдарды коргоо боюнча өз милдеттерин так аткарууга чакырып, балдарды зордуктагандарды Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияга жана башка эл аралык конвенцияларга ылайык адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине ылайык жоопко тартууга чакырышты.
ЮНИСЕФ Кыргызстандын маалыматына ылайык, зордук-зомбулук балдарга өтө терс таасирин тийгизет. Алардын физикалык абалына коркунуч жаралганынан сырткары, балдардын эмоционалдык абалына, келечегине терс таасирин тийгизет. Зордук-зомбулук улам кийинки муунга өтүп кетиши мүмкүн, анткени зордук-зомбулукка кабылган балдар аны “нормалдуу” деп эсептеши мүмкүн.
Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук кеңири жайылган жана балдардын укуктарына түздөн-түз таасир этет.
“Балдардын сексуалдык зомбулукка кабылган учурларынын көбөйүшү тезинен көңүл бурууну талап кылат. Сексуалдык зомбулук жөнүндө унчукпоо маданияты, сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен балдарды аныктоонун жана коргоонун талаптагыдай эмес механизмдери, укук коргоо органдарынын аракетсиздиги — же шериктештиги, түз арыздануунун жана жабыр тарткан балдарга коргонуу механизмдеринин жоктугу жана психо-социалдык жардамдын жоктугу баланы коргоо укугунан ажыратууга алып келет”,-деп келишет ЮНИСЕФ адистери.
Дүйнөлүк коомчулукта зордук-зомбулук — адамды көз каранды абалга алып келген жана коомго моралдык жактан чоң зыян келтирген учур катары кабыл алынат. Мындай социалдык коркунучтуу көрүнүштү жок кылбай туруп адамдын өзүн-өзү өнүгүүсүнө, бирдей укуктардын түзүлүүсүнө, жарандардын эркиндигине жетүү мүмкүн эмес.
Биздин өлкөдө жашы жете элек балдарды коргоо боюнча мыйзамдар жана конвенциялар бар. Башкы мыйзам – бул КРнын конституциясы жана баланын укуктары тууралуу конвенция, Балдар тууралуу кодекс, КРНын кылмыш жана жаза кодекси жана “уй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу” КРнын Мыйзамы.
Жашы жете электер жыныстык кол тийбестикке ээ. Жашы жете электердин макулдугу маанилүү эмес. Сексуалдык кылмыштар үчүн кылмыш жазасы 14 жаштан башталат.
Жыныстык кол тийбестик жана эркиндикке шек келтирген кылмыштардын тизмеси:
— зордуктоо (КРнын Жазык кодексинин 161-беренеси);
—Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер (КРнын Жазык кодексинин 164-беренеси);
—Ыплас аракеттер (КРнын Жазык кодексинин 165-беренеси);
Үй-бүлөнүн жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар
— Эки жана андан көп аял алуу (КРнын Жазык кодексинин 179-беренеси);
— Адамды никеге туруу максатында уурдоо (КРнын Жазык кодексинин 175-беренеси);
— Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо (КРнын Жазык кодексинин 176-беренеси);
— Адамды никеге турууга мажбурлоо (КРнын Жазык кодексинин 177-беренеси);
— Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу (КРнын Жазык кодексинин 177-беренеси).
“Ачык линия” коомдук фонду биринчилерден болуп коомчулукту адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты издөөгө жана петицияга кол коюу менен балдарга карата зомбулукту токтотууга аракет кылды. Активисттер эмне үчүн кылмышкерлер эркиндикте жүрүшөт деген суроо салып, жүз миң кол топтоп, судья Соодонбековду жоопко тартууну көздөштү.
КРнын Мыйзамдарына ылайык, ар бир адам жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу. “Эч ким кыйноолорго же катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты кемсинткен мамилеге же жазага тартылбашы керек”,-деп жазылат Конституцияда.
Бул кыз кантип жашап жатат? Башынан өткөн окуялардан кийин кишилерге кантип ишенет? Айтуу кыйын… Сексуалдык зомбулукка учураган адам башка адамдарга жардам сурап кайрылуусу өтө маанилүү. Калыбына келүү процесси колдоо көрсөтө алган адам менен баарлашуудан башталат.
Ал адам атайын даярдалган адис болсо, мисалы, кризистик борборлордун консультанты же психологу болсо андан жакшы. Көпчүлүк кризистик борборлордо ишеним телефондору бар, ал жакка чалуу менен анонимдүү психологиялык жардам алууга мүмкүн.
Бул окуяны бала кандай кабыл алары анын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды, бирок стресстен чыгуунун ар кандай мөөнөттөрү бар жана аны ар бир адам ар кандай кабыл алат. Психологдор мындай дешет:
—Зомбулукка болгон биринчи реакиця бул шок болуу. Айым тынч, жайбаракат же өзүн башкалардан обочолонтуп алып жүрө бериши мүмкүн бирок бул сырткы көрүнүш ички жан дүйнөсүн чагылдырбайт.
— Аял өзүн көпкө чейин алсыз сезет. Айрым учурларда, жада калса кооптонууга себеп жок болсо деле абайлап жүрөт, коркуу сезими дайыма болот.
— Маал-маалы менен аял оюнда ошол учурду эстеп, өзүнө өзү суроолорду бере берет: “мен андай эмес, мындай кылсам эмне болмок?” же “ал жол менен эмес, башка жол менен бассам башкача болот беле?” деген суроолорду берет. Ал узак убакытка чейин өзүн күнөөкөр сезип, уялып жүрөт.
— Кийинчкерээк жабырлануучуда психосоматикалык абал пайда болот: башы ооруйт, ичеги-карындын иштөөсү бузулат, алсыздык пайда болот.
— Зордук-зомбулукка учураган бардык адамдар оор депрессияга түшүшөт.
— Аялда жашоого болгон кызыгуу жоголот, уйкусуздукка кабылат же жаман түш көрөт, дайыма коркуп, тынчсызданып жүрөт.
— Өзүнө келип баштаганда аял кылмышкерди жек көрүп баштайт. Бул мындан ары өзүн күнөөлөбөй баштагандыгынан кабар берет.
Мындай терс окуяга туш болгон кыз дагы деле кризистик борбордо, анын жашагысы келбей жатат, жакындарын көргүсү келбей эле, жан дүйнөсү катуу жараланып калган экен. Бул судьянын чечимин өзгөртүшү мүмкүнбү? Ооба, эгерде ар бирибиз адилеттүүлүктү талап кылсак…
Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.
Автор: Джамиля Дандыбаева Негизги сүрөттө: Карина Пастернак