Шайлоону жана референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМге бир катар тапшырмалар берилди

Окуялар тизмеги 25 Дек 2020 11:47
0 ой-пикир

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттик шайлоону жана референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМге бир катар тапшырмалар берилди

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМге бир катар тапшырмалар берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов ИИМге төмөнкү милдеттерди аткарууга көңүл бурушу керектигин белгиледи.
2020-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө шайлоо процессинин бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү оперативдүү штаб түзүү, БШК менен биргеликте шайлоо бюллетендерин шайлоо участкаларына жеткирүү жана аларды күнү-түнү кайтарууну камсыз кылуу жана коомдук коопсуздукту коргоо максатында төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу белгиленди.
Аларга, шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо жана сатып алууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу, анын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө чагылдыруу, трансулуттук, диний экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү, стратегиялык объектилерди жана башка инфратүзүмдөрдү кайтаруу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.
Жогоруда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына коюлган тапшырмалардын бардыгы ыкчам түрдө аткаруу багытында ИИМ максаттуу жана комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгып, аны жүзөөгө ашыруу багыттарын көрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.