Талант Мамытов 10-январдагы иш-чара өтө жооптуу жана андан өлкөнүн келечеги түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи

Окуялар тизмеги 24 Дек 2020 14:35
0 ой-пикир

Учурда Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы менен жүрүп жаткан жыйындын күн тартибинде 10-январдагы президенттик шайлоо жана референдум мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштамалар деген эки маселе бар.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 10-январдагы иш-чара өтө жооптуу жана андан өлкөнүн келечеги түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдар ишин так жана мыйзам чегинде аткарышы керек экенин айтты:

«Өткөндөн сабак алышыбыз абзел. Анткени 6-7-октябрда мыйзамсыз шайлоонун натыйжасында толкундоо болуп өттү. Анын жыйынтыгын билебиз. Мына ошондон улам бийлик алмашты. Президенттик шайлоо да, референдум да ошол чекиликтерди болтурбоо, элибизге жана мамлекетибизге чоң өзгөртүүлөрдү жасоо максатында өткөрүлүп жатат. Элибиз чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат».

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.