Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Бизде эл депутаттарды гана шайлачу. Президенттик шайлоо – бул жаңы, жат көрүнүш болду. СССРде союздук жана автономдук республикалардын президенттик институтун бекитүүдө президенттерди жергиликтүү парламенттер шайлачу. Бул БКнын пленумунда биринчи секретарды, партиянын обкомун, крайкомун шайлоого окшош эле. Партиялык аткаминерлер жана интригандар артаппаратка ким көбүрөөк керек болсо ошону шайлаган кадимки процедура эле. Кийин өздөрүнө ыңгайсыз болгондорду, мисалы Н.С.Хрущевго окшогондорду кетирүүнү да үйрөнүштү. Сталин өзүнө ыңгайсыздар менен эсептешип отурбай эле жазалоо органдардын жардамы менен жок кылчу.
Кайра куруу доорунда СССРдин биринчи президенти болуп М.С.Горбачев, ал эми Кыргызстандын президенти болуп А.Акаев шайланды. Бул алгачкы сюрприз болчу. Союздук республиканын президенти болуп Компартиянын биринчи секретары эмес, Улуттук илимдер академиясынын академиги, либералдык жана демократиялык көз караштагы адам шайланды. Өлкө демократиялык жол менен кетти жана тез эле “демократия аралы” деген ардактуу наамга ээ болду. Дүйнөлүк саясий элита үчүн бул өтө чоң мааниге ээ болчу, бирок биздин элиталар эч нерсени түшүнүшкөн жок жана дайыма демократияны жок кылууга аракет кылып келишти — бул дайыма зыян гана алып келип жатты. Белорустар дагы башка сюрприз даярдашты, президент кылып Жогорку Советтин депутаты, совхоздун директору А.Лукашенкону шайлашты. Ошондон бери ал кызматын эч кимге бербей, улам-улам жаңы мөөнөткө президент болуп шайланып келет.
Советтер союзунун курамында болгон республикалардын Конституциясында президент эки мөөнөткө гана шайлана алары жазылган. Бирок президенттик мөөнөттөрү аягына чыгып бара жатканда ар кандай саясий оюндар болуп, президенттер кайрадан эле бийликте болуп калышчу. Өз мөөнөттөрүн алар референдум аркылуу, Конституцияны өзгөртүп узартып жатышты. Бул жагынан Түркмөнстандын президенти С.Ниязов алдына киши салган жок. Ал Халк Маслахатынын өмүр бою президенти деп жаряланып, башка кесиптештерин шылдыңга алгандай болду. Баары бул жакшылыкка алып келбейт, нааразычылыктар болот деп ойлошту. Бирок андай болгон жок. Ушундан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери уят-сыйыт дегенди жыйыштырышып, кийинки шайлоого ачык-айкын эле аттанып, жаңы мөөнөткө шайланып башташты. Алар шайлоодо күчү менен гана эмес, ар түрдүү жолдор менен: сатып алуу, жарнама кылуу, убада берүү менен жеңүүнү үйрөнүп калышкан эле.
Бирок Грузияда, Украинада, Кыргызстанда мындай болгон жок, бийлик расмий түрдө оппозициянын колуна өттү. Мындан айрым өлкөлөр сабак алышты, бирок биз эмес. Бийликке жаңы жүздөр келгени менен карапайым калктын жашоосу өзгөргөн жок. Төңкөрүштөр кайрадан кайталана берди. КМШдагы башка өлкөлөрдө болсо дагы бир көйгөй жаралды, эч нерсени өзгөртпөстөн бийликти алмаштыруу жолун табышты. Мураскер идеясын табышты. Азербайжандын президенти Гейдар Алиев бийликти өзүнүн уулуна, МГИМОнун бүтүрүүчүсү, татыктуу саясатчы Ильхамга өткөрүп берди. Бул Азербайжан үчүн жаңылык болгон жок жана эл муну тынч эле кабыл алды. Бирок Кыргызстанда мураскерлер институту иштебей калды, экс-президент болсо камакта. Ошондой эле Армениянын элинин нааразычылыгынан улам бийликке Никол Пашинян кеогенде Армениянын мурдагы президенттери Кочарян жана Саргасян дагы камалышты.
Учурда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөнү турат, ага 64 талапкер арыз берип, 18и ат салышмай болду. Алар эмнеге ишенип жатышат? Алардын көбү коомчулукка белгилүү эмес жана эч кандай эмгектери сиңген эмес, бирок ага карабастан жеңишке жетебиз дешүүдө. Бирок көпчүлүк талапкерлер 1 пайыз дагы добуш албай, биринчи тур менен эле шайлоо бүтүшү ыктымал. Шайлоонун мыйзамы ушундай эмеспи. Шайлоочулар болсо жеңишке жете турган талапкерге добуш беришет. Алар акырына чейин табышмактуу болуп, ат салышуунун аягына чейин ким жеңишке жетерин билдирбей тура алышпайт жана дайыма жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар же айрымдар атап жүргөндөй “улуттук масштабдагы” лидерлерди тандашат. Ал эми айылдык, шаардык, райондук масштабдагы калган талапкерлер болсо аларга татыктуу атаандаш боло алышпайт жана ашып кетсе туугандарынын, досторунун добуштарына ээ болушат.
Көпчүлүк муну түшүнүп турганын алардын шайлоого деп чогулткан каражаттары эле айтып турат. Айрым талапкерлерди эске албаганда суммалар негизинен 1 миллиондун тегерегинде эле экен. Бул талапкерлер өздөрүнө өздөрү ишенбейт дегенди билдирет. Анан кантип башкалардын ишенимине кирип, добуш топтошмок эле? Кимдир бирөө шайлоодо татыктуу атаандаш болгондордун добушун бөлүп кетүү үчүн катышса, айрымдары соодалашуу үчүн катышат. Үчүнчүлөрү болсо өлкөдө таанымал болоюн дейт. Чет өлкөгө болгон комнадировкаларымдын биринде мен «Никколо М» деп аталган белгилүү саясий технологиялар компаниясынын директору Игорь Минтусовдун сөзүн уктум. Ал Амангелди Түлеевдин президенттик шайлоодогу кампаниясын кантип жүргүзгөнүн айтып берди, ал 6 пайыз добуш алууну максат кылган экен. Ал керектүү добушту топтогон: Түлеевдин улуту казак, ал Россиядагы шайлоодо жеңишке жетмек эмес, 20 жылдан ашуун Челябинск облусунда губернатор болуп иштеген экен. Бул 6 пайыз ал үчүн чоң жетишкендик болгон, себеби ал башка улуттун өкүлү болчу. Жакында эле пенсияга чыкты.
Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары АКШдагыдай кызыктуу жана күтүүсүз болушу үчүн ойлонуу керек, шайлоо эрежелерин карап чыгуу зарыл. Ошондой эле шайлоочулар жоопкерчилик менен татыктуу талапкерди тандагыдай болушу шарт.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.