Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда саат 13:14тө ӨКМдин куткаруучулары Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №77 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Сүрөт интернеттен алынды