Бийлик легитимдүүлүгү жөнүндө

Окуялар тизмеги 03 Дек 2020 20:24
0 ой-пикир

Эмилбек Джураев, политолог, «Элгезиттин» баяндамачысы

Бүгүнкү күндө эң ашыккан талкуу-талаш жаратып жаткан кыргыз коомундагы маселелердин бири – бийликтин легитимдүүлүк маселеси. Тагыраак айтканда, абадай зарыл болгон реформаларды ишке ашыруу үчүн легитимдүүлүктүн тиешеси кандай? Бир тарап реформаларды оболу легитимдешкен бийлик гана ишке ашыра алат десе, экинчи тарап оболу чечкиндүү реформаларды талап кылып, легитимдүүлүк күтө турат дегендей көз карашта.

Легитимдүүлүк деген эмне?

Жөнөкөй жана кыскача айтканда, бул мыйзамдуулук менен таанылуунун айкалышы. Эгер бийлик мыйзамга да шайкеш келсе, өз коомчулугу менен эл аралык өнөктөштөр тарабынан таанууга да ээ болсо, ал толук легитимдүү бийлик десе болот. Эгер бийлик мыйзамга ылайык келгени менен, аны коомчулук жарытып тааныбаса, бийлик катары кабыл албаса, анда ал жарым-жартылай гана легитимдүүлүккө ээ. Тескерисинче, бийлик басымдуу коомчулук тарабынан таанылып, бирок келген жолу мыйзамга коошпосо, андай бийликтин легитимдүүлүгү да жарым-жартылай гана. А эгер жаңы келген бийлик мыйзамга да коошпосо, ар тараптын таануусуна да, колдоосуна да татыбаса, анда легитимдүүлүк дээрлик жок десе болот.

Легитимдүүлүктүн кереги эмне?

Бул жөн гана сөз эмес, эбегейсиз мааниге ээ болгон саясий талап. Легитимдүүлүгү чабал бийлик – эгер ал мыйзамдуу бирок колдоосу, таанылуусу чабал бийлик болсо – эффективдүү башкарууну камсыз кылуусу мүмкүн эмес, анткени андай бийлик менен ички да, сырткы да өнөктөштөр иштешкиси келбейт, андай бийликтин колунан бир иш келишине эл ишенбейт. Мындай бийликтин колунда реформа жасоого мүмкүнчүлүгү да жок болот, анткени, кандай гана маанилүү реформа болбосун, ал тараптуу колдоого муктаж. Башкача айтканда, мындай бийликтин алдында өлкө артка кетип, стагнация болот.

Легитимдүүлүгү негизинен өзүнүн колдоочулары тарабынан, коомчулук арасынан таанылып, бирок мыйзамдуулук жагынан аксак болсо, ал бийликтин да эффективдүүлүгү аз болуп, ага кошумча ал коркунучтуу, опурталдуу да бийлик болот. Анткени, жалаң эле айтылуу «элдин колдоосуна» таянган мындай башкаруучулар аша чапкандыкка, радикалдуу кадамдарга барууга жакын болушат. Эл талап кылган реформаларга баруу шылтоосу менен мындай легитимдүүлүгү жарты бийлик шашкалаң аракеттерге барат, демилгелерин ар тараптуу таразага салууга кызыкдар болбойт, дүрбөлөң шарттан пайдаланып мүмкүн болушунча көбүрөөк иштерди аткарууга үлгүрүп калууга ынтызар болуп, ал иштердин артындагы ниеттер, кызыкчылыктар бүдөмүк калат. Албетте, мындай түрдөгү жарым-легитимдүүлүк абалы көпкө узабайт – ал бийлик же мыйзам талаасына кирет, же «элдик колдоону» да жоготот.

Демек, легитимдүүлүгү бекем болгон бийлик гана өз өлкөсүнө толук кандуу жетекчилик көрсөтөт, анын чечимдерин тиешелүү тараптар тааныйт, башка өлкөлөр сүйлөшүүгө даяр болушат. Легитимдүүлүгү күчтүү бийлик гана салмактуу жана туруктуу, жемишине жете алчу реформаларды ишке ашыра алат. Булардын натыйжасында, ал өлкөнүн келечеги туруктуу болуп, эртеңки күнгө ишеним пайда болот, жакшы өзгөрүүлөрдүн уланып кетүүсүнө ишеним болот, жана өз жарандары да, сырттан келген ишкерлер да коркпой экономикалык аракетин жасашат. 

Кыргызстанда, 4-октябрга карай, экс-президент Жээнбеков баштаган өлкө бийлигинин легитимдүүлүгү формалдуу мыйзамдын гана негизинде болуп, таануу, колдоо, ишеним жагынан кескин аксап, башкаруу эффективдүүлүгү өтө төмөн болуп калган. Шайлоонун натыйжасында, алсырап турган бийлик нааразы болгон элдин басымы алдында кулап калды.

Анын ордуна, бир нече күндүк саясий талаштын натыйжасында, Садыр Жапаров баштаган жаңы өлкө жетекчилиги келди. Бул жаңы бийликтин легитимдүүлүгү, тескерисинче, мыйзамдуулук жагынан кескин аксап, көбүнесе коомдук таанууга жана колдоого таянып калды.

Бүгүнкү күндө, өлкө алдында турган оор маселе – бийлик легитимдешүүсүнө жетишүү. Шайлоого талапкер катары катталаардан мурда, президенттин милдетин аткарган премьер-министр Садыр Жапаров бир нече жерде, өз эли алдында да, эл аралык аренага да кайрылып, Кыргызстанда бийлик турукташканын, саясий абал стабилдүү экенин жана өлкө бийлиги мыйзам талаасына кайра киргенин айтып келди. Ички да, сырткы да көзгө даана көрүнүп турган кырдаал, албетте, Жапаровдун бул сөздөрүн төгүнгө чыгарып келет. Албетте, Жапаровдун апырта айтканында мандем издөө да туура эмес – булар бийликтин башында турган киши айтчу сөздөр чыгаар. Бирок, бул сөздөрдү дагы да ишенимдүүрөөк, чындыкка жакыныраак түрдө айтуунун жолдору бар.

Президенттик шайлоого улашып бараткан өлкөнүн саясий жашоосунда азыр бир нече эсептен легитимдүүлүк маселеси аксап турат.

Биринчиден, толук кандуу мыйзамдын негизинде иштеп турган мамлекеттик деңгээлдеги бийликтин жоктугу. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иштөө мөөнөтү бир эле максат үчүн болушу мүмкүн эле – жаңы депутаттардын шайланып келүүсүн күтүп, ошол шайлоону уюштуруп берүү. Азыркы күндө, жаңы шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып коюп, ал арада канчалаган олуттуу чечимдерди кабыл алып жаткан парламенттин 6-чакырылышы таптакыр легитимдүүлүккө ээ эмес.

Экинчиден, ал олуттуу чечимдердин арасындагы эң эле маанилүүсү – жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынуусуна өбөлгө болуп берүү. Баш мыйзам реформасы боюнча жүрүп жаткан процесстин легитимсиздиги эки чоң блоктон турат: аны аткаруу үчүн керек болгон легитимдүү бийлик институттарынын жоктугу (Жогорку Кеңеш, Президент, Конституциялык кеңешме), баш мыйзамда камтылган мыйзамдык процедуралардын одоно бузулушу (мөөнөттөру да, ирети да).

Үчүнчүдөн, президенттик бийлик одоно өзүм-билемдик менен кайра-кайра өткөрүп берилип жатышы. Кароосуз калган милдетти оболу конституцияга ылайык белгиленген парламент спикери өз мойнуна албай койүүсү, ал милдетти опурталдуу жагдайда бекитилген премьерге өткөрүп берүүсү, анан ал премьер, конституцияда айдан ачык «президенттик шайлоого катыша албайт» деген көрсөтмөнү эске албай, бул талапты канааттандырымыш болуп спикерге президенттик милдетти кайра кайтарып берүүсү, андан алдың өзүнө ыңгайлуу спикерди бекитип койуу – мунун баары болуп көрбөгөндөй мыйзам алдындагы легитимсиз иш аракеттер болуп калды.

Бул айтылган кырдаалдын мааниси эмнеде? Кыргызстан бийлиги 5-октябрда башталган саясий башаламандыктан чыгып, тез арада мыйзамдык негизге кайра орноосу эбегейсиз зарыл. Ар кандай жүйөө келтирүү менен мыйзамдашуу иштерин артка жылдыруу аркылуу жаңы бийлик легитимсиздик проблемасын тереңдетип койууда. Андай опурталдуу жолго түшүүдө бул бийликке кол кабыш кылган коомчулук мүчөлөрү да арбын. Мыйзам менен, конституция менен, эл аралык мамилелер менен тыгыз иштешпеген карапайым жарандар легитимдүүлүк дегенде жөн гана жашоодон обочо турган теория деп ойлоосу мүмкүн. Бирок ал адашкан ойдон арылуу зарыл. Легитимдүү бийлик – бул Кыргызстан элинин жашоосуна түздөн-түз тиешеси бар маселе. Легитимдүүлүк аркылүү гана Кыргызстан чет элдик өнөктөштөрдөн жардам алуусу мүмкүн, инвестиция тартуусу мүмкүн, жарандар үчүн чет мамлекетте иштөөгө, соода кылууга шарт түзүлүшү мүмкүн, чет мамлекеттерге баруу үчүн жолтоосуз виза алуусу мүмкүн, жана башка көптөгөн маселелер турат. Легитимсиз бийлик алдында булардын баарысы тобокелдикке туш болот.

Кыргызстандын бийлигин легитимдештирүү – биринчи кезекте, мыйзам талаасына киргизүү – ар бир жарандын кызыкчылыгы экенин билүү зарыл. Бул маанилүү максатка карай ой бөлүшүү, утурумдук бийликтин максатка терс аракеттерге барбоосун талап кылуу да бардык кыргыз коомчулугунун кызыкчылыгы болуусу абзел. Ар бир күн сайын, ар одоно, бул максатка тескери келген кадам сайын, өлкө ансыз да тартыш убакытты жоготуп, ишенимден кол жууп жатканын эсте тутуу зарыл.    

Макала «Общее дело»/«Жалпы иш» коомдук фондунун Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна көз карандысыз байкоо жүргүзүү долбоорунун алкагында жана демилгеси менен жазылды. Макалада келтирилген ойлор авторго гана таандык.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.