Кыргызстан президенттик шайлоого даярданууда, эки жумадан кийин талапкерлердин шайлоо кампаниясы башталат. Бул шайлоодон эмнени күтсөк болот? Кандай PR-технологиялар колдонулат?
Elgezit.kg редакциясы мурдагы дипломат, Берлиндеги KaiserCommunication деп аталган PR-агентсттиктин жетекчиси, саясий процесстер боюнча белгилүү адис Гунтрам Кайзерд менен маектешти.
–Кайзер мырза, быйыл президенттик шайлоого катышууга 65 адам талапкерлигин койду, айрымдары кайра баш тартышты. Сиздин оюңузча акырында канча талапкер калат?
– Шайлоого чейин 5 же 6 эле талапкер калат. Кыргыз тадрыйбасы көрсөткөндөй шайлоо бир эле тур менен бүтөт, кандайдыр бир күтүүсүз нерселер күтүлбөйт деп ойлойм.
– Ким жеңерин айта аласызбы?
– Жок! Бирок силер өзүңөр эле социалдык сурамжылоолорду карап көрсөңөр болот. Шайлоого жакын тандоо кыла албай жаткан шайлоочулардын саны азаят, көпчүлүгү жарыштагы лидерди тандашат.
– Жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок талапкерлер шайлоого кандай максатта катышып жатышат?
– Себеби көп. Кимдир бирөө өзүнө көңүл бурдуруп, шайлоодон кийин жогорку кызматка барууга болот деген пикирде. Айрымдары коомчулук үчүн маанилүү болгон социалдык көйгөйдү чечип калуу үчүн абалдан пайдаланып жатат, себеби талапкер макамы ар кандай темада пикирин ачык билдирип, медиадан колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет.
Башка өлкөлөрдө айрым талапкерлер саясий күтүүсүздүк болушу мүмкүн деп катышат, бирок салыштырмалуу Кыргызстанда шайлоо ачык-айкын өтөт, ошондуктан мындай практика жайылган эмес.
– Бул шайлоодо “кара” технологиялар канчалык деңгээлде колдонулушу мүмкүнбү?
– Бул шайлоо этикалык жактан идеалдуу болот деп айта албайм. Өлкөдө кыш катуу болору күтүлүүдө, ошондуктан “салттуу” түрдө айылдарда шайлоочуларды көмүр менен сатып алуу аракеттери болот.
Астротурфинг – социалдык тармактарда этикага жатпаган технологиялар колдонулушу мүмкүн. Муну менен катар эле айрымдар өзүн талапкердин тарапташтары катары көрсөтүп, атаандаштарына карата агрессивдүү мамиле кылышы мүмкүн. Натыйжада талапкерлер бири-бирин “боттор фабрикасын” түзүп алган деп күнөөлөп, шайлоого аттангандарга карата басым болуп жатат деши мүмкүн.
–Бул шайлоодо россиялык жана америкалык саясийтехнологдор тартылат деген кептер айтылууда…
– Буга таң калып кереги жок. Советтер союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн көбүңдө Россиядан, АКШдан, Улуу Британиядан PR-адистерди тартышат. Бул өлкөлөрдө саясий консалтинг мектеби жакшы калыптанган, ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү адистердин тажрыйбасы анча бай эмес.
– Технологдордун кимиси мыкты иштейт?
– Америкалыктар элдерди массалык иш-чараларга жакшы чогултушат, орустар болсо социалдык тармактар жана ММКлар менен жакшы иштешет, британиялыктар болсо талапкердин имиджин түзгөндү мыкты өздөштүрүшкөн. Бирок баары технологдон жана биринчи кезекте, талапкерден көз каранды.
– Биздин шайлоого башка өлкөлөр кийлигишеби?
– АКШ, Россия, Кытай ж.б. өлкөлөр шайлоого расмий кийлигишпесе керек. Албетте, бул өлкөлөрдүн ар бири айрым талапкерлерди жактырышы мүмкүн, бирок ачык кийлигишүү болбойт. Мындан сырткары, кыргыз эли акылдуу жана мындай кадамдарга жол бербейт.
– Жөнөкөй шайлоочуга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Негативден алыс болуп, социалдык тармактардагы уруш-талашка аралашпоого аракет кылыңыздар. Шайлоо – бул башка кишилерди таарынтууга себеп эмес. Талапкерлердин программасын көңүл коюп окуңуз, бул татыктуусун тандаганга мүмкүнчүлүк берет. Анан албетте, добуш берүүгө келиңиздер. 10-январда канчалык көп адам тандоосун жасаса, өлкөдөгү абал шайлоодон кийин ошончо туруктуу болот.