Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулукта сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот

Окуялар тизмеги 25 Ноя 2020 16:49
0 ой-пикир

Бул тууралуу Ализа Солтонбекова парламентте министр кызматына талапкерлиги каралып жатканда билдиргенин sputnik.kg жазып чыкты.

Анын айтымында, учурда ал бала чоң энеси менен Ат-Башы районунда турат. Социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алып карап жатышат.

“Баланын апасы кош бойлуу экен, ал кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранып жатат. Бирок мыйзамда ага жол берилбейт, кандай учур болбосун бардыгы так көрсөтүлгөн. Биздин министрликтин балдар менен иштеген бөлүмүнүн адистери сотторго катышып, баланын укугун жактайт. Бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз”, — деди Солтонбекова.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.