Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасы менен кызматташууну чыңдоодо

Окуялар тизмеги 24 Ноя 2020 19:37
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолукту. Элчини Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу өкүлү Цай Чжисюн жана Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин Кыргыз Республикасындагы Атташеси Чжоу Тиншэнь коштоп келди.
Ички иштер министри элчини жылуу тосуп алды. “Мен Сиздерди ички иштер министрлигинде жолугуп жатканыма кубанычтамын. Белгилүү болгондой, 2019-жыл бирдиктүү аткарылган жемиштүү жана натыйжалуу иштерибиз менен, алдыга койгон пландарыбыздын татыктуу ишке ашышы менен эсте калды. Ал эми, өтүп бара жаткан 2020-жыл биздин тыгыз кызматташуубузга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул аралыкта биз жаңы кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болдук. Буга карабастан биз кызматтык жана адамдык мамилелерибизди мындан ары дагы бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө умтулабыз”,-деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.
Өз кезегинде элчи ички иштер министри Улан Ниязбековду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул кызмат орунда ийгиликтерди каалап, андан сырткары Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин башчысынын атынан куттуктоону тапшырды.
Ду Дэвень акыркы жылдардагы кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүү тенденциясын жогору баалады. Эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө багытында жигердүү иштерди жүргүзүп жаткандары үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине терең ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз-кытай мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызмытташтыкты кеңейтүүгө салым кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар терроризм жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү иштерди талкуулашты. Министрликтердин эки тараптуу кызматташууларынын учурдагы деңгээлин жогору баалашып, аны дагы өнүктүрүү керектигин белгилешти. Жолугушуу кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кадамдарды макулдашышты.
Иш-чара достук кырдаалда жана иштиктүү маанайда өттү.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.