Мирлан Абдыкалыков тарткан “Жөө күлүк” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаменти маалымдады.
Маалыматка ылайык, тасма “Мыкты чет элдик фильм” номинациясы боюнча сунушталат. Мындай чечимди өлкөнүн Оскар комитети кабыл алган.
“Оскар” сыйлыгын тапшыруунун 93-аземи кийинки жылдын 25-апрелинде Лос-Анжелесте өтөт.
Кыргызстандык режиссёр “Жөө күлүк” кинокартинасында үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.
Кадимки айыл турмушунда Жекшен оор сыноолорду башынан кечирип, чоңдордун маселесин өзү чечүүгө мажбур болот. Ошол эле учурда балалык сезимдерден да кур калбайт. Табиятынан күлүк бала мектептеги жарыштарга, тушоо тойлорго катышып, атаандаштарын артта калтырат. Кинокартинада адамдык мамиле, достук, ынактык жана сүйүү темасы чагылдырылат.
Сүрөт интернеттен алынды