Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды

Окуялар тизмеги 19 Ноя 2020 15:12
0 ой-пикир

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко
чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фонддун кызмат адамдарынын тобу, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында, Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушканын аныктаган.

«Териштирилген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фонд төрагасы  Медер Ирсалиевдин мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды. Чогулган материалдардын негизинде, 2020-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, КР Социалдык фондунун төрагасы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат»,  — дешет УКМКдан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.