Депутат Эмил Токтошевди ИИМ суракка чакырды

Окуялар тизмеги 19 Ноя 2020 12:06
0 ой-пикир

Депутат Эмил Токтошев Фейсбук баракчасына мындай деп жазды:

«Өмүр жолумдагы өзүм туу туткан бир чындык бар! Ал өзүмдүн ичимдеги абийирди сатпоо! Кандай гана абал болбосун, чындыкты сүйлөп, түз жүрүү!Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс сөзүмү айтып келем. Убагында белизгейт үчүн Сегизбаевди, ТЭЦ үчүн Исаковду катуу сындап, Атамбаев, Жээнбековдордун өкмөтүнүн ар бир туура эмес иштерине сын айтып, Текебаевди түрмөгө отургузганда да өзүмүн позициямы өзгөртпөй, ар жакка өтө качпай, ар дайым бир нукта келе жатам. Ушу кезге чейин сөз эркиндиги бар үчүн коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик! Мына, ушул күн да келди…», — деп жазган.

Эске салсак, буга чейин Жанарбек Акаев да ИИМге суракка чакырылгандыгы маалым болгон. Депутаттар эмне иш боюнча суракка чакырылгандыгы айтылган жок.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.