Бишкектин жылуулук түтүгү өткөн кудуктун биринен жансыз дене табылды

Окуялар тизмеги 18 Ноя 2020 14:47
0 ой-пикир

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкекте кудуктан 39 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-ноябрда Асанбай кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Кийин анын 1981-жылы төрөлгөн Ж.А.  аттуу адам экени аныкталган.

Ал жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкелерине өткөрүп беришкен.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.