Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке 280 миллион сомдон ашык суммадагы дагы бир жолу өндүрүү кылды деп кабарлайт басма сөз кызматынан.
“Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатат. Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧК карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллиондон көп сом өндүрүлгөн. Азыркы убакта, Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат“,- деп айтылат тараткан маалыматта.
Сүрөт интернеттен алынды