Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда коронавирустан окуучу бала каза болду. Бул тууралуу маалыматты штаб тастыктады.
Маалыматка ылайык, аталган облуста 53 өспүрүм коронавирус жуктуруп алган. Учурда 10 окуучу дарыланууда.
Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарында бала бакчанын тарбиячысы да коронавирустан каза болгон.
Сүрөт интернеттен алынды