Дастан Жумабеков Элвира Сурабалдиевага: «эртең балдар ооруп калса, эл өзү күнөөлүү деп айта албайсыз»

Окуялар тизмеги 06 Ноя 2020 10:23
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын сурамжылоосун сынга алды.

“Сиз социалдык тармактарда активдүү болуп, сурамжылоо жүргүздүңүз – мектеп ачуу керекпи же жокпу? Муну кандай максатта жасадыңыз?” – деп сурады Жумабеков.

Сурабалдиева учурда талкуу жүрүп жаткандыгын билдирди.

Коронавирус жуккан учурлар катталбаган алыскы аймактарда мектеп окуучуларынын ата-энелери мектептердин иштешине уруксат берүүнү суранышууда.

“Эл өкүлдөрү катары бизден ачык болууну, жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну суранасыңар. Дал ушул максаттар үчүн мен сурамжылоо жүргүздүм”, – деп түшүндүрдү Сурабалдиева.

Албетте, сиздики туура. Бирок эртең балдар ооруп калса, эл өзү күнөөлүү деп айта албайсыз. Бардык жоопкерчилик сизде болот жана чечимди сиз кабыл алышыңыз керек. Бул сурамжылоолорду өткөрүү үчүн референдум эмес”, – деди Дастан Жумабеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.