Чүй өрөөнүнөн РПГ-18 үлгүсүндөгү эки гранатомет катылган жай табылды, — УКМК

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2020 07:35
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 3-ноябрда Чүй өрөөнүнөн РПГ-18 үлгүсүндөгү эки гранатомет катылган жай табылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, курал-жарак жашыруун сакталган жер Ички иштер министрлиги менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында табылган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен катталды.

Курал сактагандарды табууга багытталган иш-чара уланып жатканы кабарланды. 

Иллюстративдик сүрөт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.