“Зима не будет”, “Мен кудаймын” деп коомчулукка таанылган коомдук ишмер Арстан Алай БШКга президенттикке талапкер катары катышуу үчүн өз арызын берди. Арстан Алайдын чын аты Арстанбек Абдылдаев. Ал Некст ТВ кааналында атайын берүүсүн ачып ал жакында эле жабылган. Буга чейин ал Кытайга вирус жибергенин да коомчулукка айтканы кызуу талкууга алынган.
Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышарын 30-октябрда жарыялаган.
Сүрөт интернеттен алынды