Садыр Жапаров Райымбек Матраимовду камакка албоо боюнча чечимди туура көргөн

Окуялар тизмеги 22 Окт 2020 08:00
0 ой-пикир

Садыр Жапаров коррупцияга байланыштуу шек саналган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду тергөө маалында камакка албоо боюнча чечимди өзү кабыл алганын айтып чыкты. Бул тууралуу Жапаров BBCнин кыргыз кызматындагы маегинде билдирген. Анда премьер-министр мамлекетке келтирген чыгымды өндүрүш үчүн мындай кадамга барганын түшүндүргөн.

«Райым Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМКнын жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, «камакка алабыз» деп айтышты. «Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели» деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүнөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Кубанычбек Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок. Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Албек Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов ж.б. бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Мен башкача жол менен кетип жатам. Менин иштөө стилим башкача. Муну биз жети өлчөп, бир кесип жатабыз. Мисалы, Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет. Бирок бир тыйын келбейт. Анткени, ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз», — деп билдирген ал.

УКМК Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлаган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.