Кыргызстан кайсы мамлекетке канча карыз экени маалымдалды

Окуялар тизмеги 22 Окт 2020 07:53
0 ой-пикир

2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 824 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 654,41 млн. доллар (13,56%) ички карыз. Ал эми 4, 169 млрд. доллар (86,44%) тышкы карыз.

Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган.

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,776 млрд. доллар бересе;

— Францияга — 4,86 млн. доллар;
— Жапон эл аралык өнүктүрүү агенттигине — 244,84 млн. доллар;
— Банк КвФ — 80,75 млн доллар;
— Түштүк Кореянын Эксимбанкына – 14,14 млн. доллар;
— Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондуна — 7,14 млн. доллар;
— Сауд өнүктүрүү фондуна — 24,16 млн. доллар;
— Түркия өкмөтүнө — 89,54 млн. доллар;
— Абу-Даби өнүктүрүү фондуна – 8,04 млн. доллар карыз.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.