Мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынды.
Толкундоолорго алып келген парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткен. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.
Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл.
Сүрөт интернеттен алынды