ИИМ: Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Окуялар тизмеги 20 Окт 2020 11:46
0 ой-пикир

Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымат берди.

19-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жыйын өткөргөн. Садыр Жапаров ички иштер органдарынан кыргызстандыктар кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыктарын эскертти. Ички иштер министринин алдына белгиленген реформаларды натыйжалуу жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун тапшырмалары менен көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча ИИОнун бөлүмдөрүнө онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты.
Онлайн кеңешме учурунда өлкөнүн бардык регионунда коомдук коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар коюлду. ИИМ башчысы коомдо резонанс жараткан кылмыштарды иликтөөгө жана бетин ачууга, кылмыш иштерин сапаттуу жана калыс иликтөөгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларды, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүп, мал уурулукка бөгөт койуу жанан бул багыттарда кылмыштардын бетин ачуу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу, коомчулук менен биргеликте ыкчам алдын алуу иштерин да жүргүзүү тапшырмаларын койду.
“Биз коомдук тартипти, жарандын жана коомдук коопсуздугун камсыздоо тутумун күчөтүү керекпиз. Жарандардын укугун жана эркиндигин, мамлекеттин, коомдун жана жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоону камсыздообуз зарыл. Милиция кызматкерлери ар дайым профилактикалык иштерди жүргүзүү керек. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жакын арада белгилүү болот. Ошондуктан, региондордо коомдук-саясий кырдаалды күчөтпөө үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баргыла. Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек. Экинчиден катталган ар кандай, тартип бузуулардын, кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер күчөтүлсүн.
Ошондой эле, кызматкерлер арасында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзгүлө. Медициналык кызматтарда дарыланууда жүргөн кызматкерлерге ар тараптуу жана толук жардамдарды көрсөтүүгө өзгөчө көрүл буруу абзел. Милиция кызматкерлердин мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоолору дагы көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”,-деди министр.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн-кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн өткөрүп турууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.