УКМК ЖЭБдеги жемкорлукту аныктады

Окуялар тизмеги 18 Окт 2020 08:28
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

17-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, “Кыргызкөмүр” тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан жемкорлук схемасы колдонулган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, көмүрдүн сапаты жакшы экенин тастыктаган лабораториялык чечим акчага жасалган.

“Ушул сыяктуу коррупциялык иштер ЖЭБдин жабдууларына бузулушуна себеп болуп, булганыч заттардын абага тарашына себеп болууда”,- деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

ЖЭБди 2016-жылы реконструкциядан өткөрүүдө да чоң коррупция аныкталып, мурдагы өкмөт башчылар баштаган жоон топ чиновниктер камалган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.