Мирбек Атабеков: «Баарын Кудайга койдум!»

Окуялар тизмеги 14 Окт 2020 16:26
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков «Инстаграм» баракчасына өзү тууралуу туура эмес маалымат тарап жатканын жазды. Тактап айтканда, эл ичинде: «Мирбек Атабеков «Оштуктарды Бишкекке бастырбаш керек» деген чагымчыл сөзү үчүн элден кечирим сурасын» — деген кеп тарап, катуу нааразычылыкты жараткан. Бул боюнча «Марал» радиосу ырчынын өзү менен байланышканыбызда, төмөнкүлөргө токтолду:

— Мен бул маалыматты угуп алып таң калып жатам, балким ал да бирөөнүн буйругун аткарып жаткан чыгар. Мен эч кимге жамандык кылган эмесмин, кылгым да келбейт, маалымат тараткан адам да — бирөөнүн баласы, ошол себептен баарын Кудайга койдум.

Айтпаган нерсени айтты деп ойлорунан чыгарганына караганда, мен да: «Саясатка байланыштуу го?» — деп ойлоп жатам. Нааразы болуп калган тарап балким ушундай кадамдарга барышы мүмкүн. Митингде айтылган сөздөр үчүн эмнеге жоопко тартылышым керек? Себеби мен чындыкты айттым. Биз эркин мамлекетте жашагандыктан, ар бир жаран өз оюн ачык билдире алат деп ойлойм. Эми баарыбыз ошондо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болдук да, мыйзам бузуулар көп болду, ошолорду көрүп эл өзү чыкты. Мындан тышкары пандемия убагында да, ага чейин да көп көйгөйлөргө туш болдук, муну баары биздин башчыбыздын астында болуп жаткан нерселер да. Бирок ошол нерсеге күнөөлүүлөр болсо да, эч ким азыркы күнгө чейин жоопкерчиликке тартылбай жүрөт. Бул нерсеге көз жуумп койсок, эртеңки күнү башкалар жабыркайт. Баары эле айтып жүрөт: «Беш жыл болду, иштин жыйынтыгы жок, баары эле акча менен чечилип калды», — дешип. Менин эч кандай саясатка катышым жок, болгону кыргыз жараны катары гана позициямды айттым. Балким ошол сынды көтөрө албагандар ушундай каралоону жүргүзүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.