Пандемия учурунда баарына коргоо керек: оорулууларга, дарыгерлерге, кары адамдарга ж.б. Бирок тагдырдын сыноосу менен алгачкы коргоосуз калган, үй-бүлөсүз калгандарга өзгөчө камкордук зарыл. Сен 16-17 гана жашта болуп, үй-бүлөң, үйүң жок болгону бул өтө оор нерсе. Пандемия балдар үйүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнүн көйгөйлөрүн бир топ көбөйтүп койду. Бейөкмөт уюмдар болбогондо алар коомчулукта кодуланып калышмак экен. «Оэйсис»/«Оазис»/Oasis кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиева коронавирус пандемиясы учурунда балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө кандай жардамдар берилгени тууралуу айтып берди.
— Сиздин фонддун аталышы «Оэйсис» экен – бул чөлдө да жашоону сактап калууга мүмкүн болгон жер деген маанини билдирет эмеспи. Сиздер дал ушул сактап калуу менен алек болосуздар – балдар үйүнүн, интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнө жол көрсөтөсүздөр. «Билим-Белек» долбоорунун сайтында сиздердин фонд 2008-жылдан бери иштеп келе жатканы жазылыптыр.
М.О.: Ооба, биз 2008-жылдан тарта иштейбиз жана жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен бирге балдар үйүнүн, интернаттын бүтүрүүчүлөрүнө байланышкан бир катар программаларды ишке ашырабыз. Негизинен алганда 2003-жылдан тарта биз ата-энесиз калган жана туугандары тарабынан да колдоого ээ болбогон балдарга жардам беребиз. Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү билим алып, бир кесипке ээ болуусуна жардам беребиз, ошондой эле талантын, жөндөмүн ачып берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, биздин ийгиликтүү долбоорубуздун бири USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган “Ийгиликке паспорт” деп аталган долбоорубуз болду, анын алкагында балдар учурда суроо-талап көп болгон кесиптер боюнча билим алышкан. 2017-жылдан тарта бизде «Билим-Белек» деп аталган программабыз ийгиликтүү иштеп келет. Анда биз балдар үйүндөгү балдар үчүн каражат чогултуп, алардын ЖОЖдордо, колледждерде билим алуусуна көмөк көрсөтөбүз.
— Силер ал балдарды кантип табасыңар же алар силерди кантип табышат?
М.О.: Биз Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин негизги өнөктөшүбүз. Жыл сайын алардын уруксаты менен 50-60 балага жардам көрсөтөбүз. Биз 5 балдар үйү менен тыгыз кызматташабыз. Бирок жөнөкөй уюмдарга интернатты аяктагандарды табуу кыйын болот: балдар телефон номерлерин тез өзгөртүп кетишет, телефондорун жоготуп алышат…Өзгөчө пандемия жана карантин маалында иштешүү оор болду. Биз 2015-жылдан бери өлкөдө интернаттык мекемелерди бүтүргөн балдардын бирдиктүү базасы болушу керек деп келебиз. Маалыматтар базасы маанилүү, ал жактан социалдык өнөктөштөр жана мамлекет жаштардын андан аркы тагдыры кандай болуп жатканынан кабардар боло алышат. Бүгүн биз айрым балдар балдар үйлөрүнөн кеткенден кийин кайда жашап жатканы жана кандай тагдырга туш болгону тууралуу билбейбиз.
— Интернаттар жана балдар үйлөрү Билим берүү министрлигинин алдында эмеспи, демек, аларда кандайдыр бир маалыматтар базасы болсо керек. Аларды көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү, билим берүү жана тарбиялоо жагынан жардам берүү дал ушул мекеменин иши эмеспи?
М.О.: Ооба, бар. Бул база Европа комиссиясынын жардамы менен иштелип чыккан. Бул чара Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине ар бир баланын абалы тууралуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, балдар үйүнө барган ар бир баланы каттоого тургузуп же каттоодон чыгарып туруусу керек. Бирок, бизге белгилүү болгондой, бул база чийки, балдар тууралуу толук маалымат, байланыш номерлери жок. Бул маалымат жашыруун экенин эске алуу керек, ошондуктан ал тууралуу абайлап сүйлөшөт. Жарандык секторго бул маалыматтар жеткиликтүү болуп, алар коомдогу жетимдер менен тыгыз иштешсе жакшы болмок. Учурда бизде база жеткиликтүү эмес, биз 2014-жылдан тарта өзүбүз маалымат базасын иштетип келебиз.
— Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылы Кыргызстанда 17 жашка чейинки 660 миң 788 бала кедейчиликте жашашкан. Бул өлкөдөгү 6 миллион 389 миң 500 кишинин ичинен жарым миллионго жакыны же калктын 10%ы дегенди билдирет. 2020-жылы канча бала интернаттарда жашап келет?
М.О.: 2020-жылдын жыйынтыгы менен интернаттарда 10 миңден ашуун балдар жашап келет. Өлкө боюнча мындай мекемелердин саны 140, анын ичинен 66сы жеке мекемелер.
— Бала кезимде чоң кишилер сени балдар үйүнө берип салабыз деп коркутушчу. Бул жер эч качан жакшы деп саналган эмес, себеби ал жер үй эмес, үй-бүлө эмес, катуу эрежелери бар, чыныгы жашоодон алыстап калган жай. Бул камактан чыккан балдар өз алдынча жашоого көнө алышпайт, себеби негизги иштерди балдар үйү, интернаттар жасачу эле да. Чыныгы жашоо кандай экенин алар билишпейт.
М.О.: Ооба, ушундай. Бул чоң көйгөй. Интернаттардын жана балдар үйүнүн бутүрүүчүлөрү көбүнесе коомдогу чыныгы жашоо тууралуу билишпейт. Ошондуктан алар зомбулук көп көрүп калышат. Көпчүлүгү кулчулук бар экенин билишпейт. Интернаттын бүтүрүүчүсү жумушка орношуп, бирок айлыгын ала албай калган учурлар көп болот. Ошентип алар кайда барарын, адилеттүүлүктү кайдан издерин билбей, башка, алдабаган ишке кантип орношууну каалашат.
— Интернаттарды бүтүргөндөргө колдоо көрсөтүү тууралуу мыйзам бар да…
М.О.: Тилекке каршы, бизде андай мыйзам жок. Жада калса балдар тууралуу Кодексте да андай түшүнүк жок. Ошондуктан 15-16 жашында интернаттарды бүткөн балдар социалдык кызматтар тарабынан эч кандай кызматтарды алышпайт, кепилденген мамлекеттик кызматтар аларга жеткиликтүү эмес. Жыл сайын балдар үйлөрүн жана жатак мектептерди 14-18 жаштагы улан-кыздар бүтүрүшөт, алар социалдык колдоого муктаж (окуу жайды издөөдө, жумуш издөөдө, жашоочу жай табууда ж.б.). Ал эми мамлекет жана мыйзамдар балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө эч кандай жардам бербейт, аларды колдоо үчүн укуктук негиздер да жок. Азыр биз Өкмөттөн жетим балдарды интернаттан кийин колдоо тууралуу Жобону кабыл алууну талап кылып, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Жетимдер үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгууга жана укуктук тренинг өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жаткан Германиянын элчилигине ыраазычылык.
— Баса, эл аралык мыйзамдарда бала деп кимдер саналат?
М.О.: Эл аралык мыйзамдарда 18 жашка чейинки адамдар бала деп саналат. Эл аралык мыйзамдарда балага өзгөчө макам берилген жана алардын алдында мамлекеттин милдеттенмелери көбүрөөк.
— Бирок мамлекет ал милдеттенмелерди аткарбай келет да, ошондуктан Бейөкмөт уюмдар аралашып жатпайбы.
М.О.: Ооба, ошондой. Биз бардык бүтүрүүчүлөрдү камтый албайбыз, статистикага таянсак, биздин күчүбүз болгону балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн 15%ын камтыйт экен. Дүйнөдө балдар үйүн бүтүргөндөргө колдоо 23 жашка чейин көрсөтүлөт, бул дүйнөлүк стандарт боюнча. Кыргызстанда Кызыл жарым ай коому бар, алар 8-10го жакын жетимдерге колдоо көрсөтүшөт. «SOS-айыл» деген да долбоор бар, алар да балдарга жардам беришет. Бирок бул да аздык кылат. Пандемия күч алганы балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө да кыйын эле болду. Айрым балдар кылмыш кылууга аргасыз болушту – алар болгону курсактарын тойгузгусу келди, иштеп таба алышпайт, демек уурдаш керек, ал эми уурулук кылмыш… Түштүктө мындай балдардын көбү радикалдык исламга кирип кетишет, бул өтө татаал, өзгөчө тема.
—Кыздардын тагдыры мындан да оор болсо керек…
М.О.: Ооба, кыздар эмгек кулчулугуна гана кабыл албастан, сексуалдык кулчулукка да кабылышат. Бизге Касиет (аты өзгөртүлдү) аттуу кыздын тагдыры белгилүү болду. Ага баласы жок үй-бүлө суррогат эне болуп берүүнү сунушташкан экен. Алар менен келишим түзүп жатканда Касиеттин 2 жаштагы кызы бар болчу. Касиет ал үй-бүлөгө баласын төрөп бере албаптыр, бирок акчасын алып койгон экен. Натыйжада ал кичинекей кызын бергенге мажбур болгон. Бул кайгысын көтөрө албай, өз өмүрүнө кол салган экен. Ал болгону 22 жашта эле.
Бул эми өтө кайгылуу окуя. Бирок балдар үйүнүн, интернаттардын бүтүрүүчү кыздары эрте турмушка чыгып кетишет, бул да өтө чоң көйгөй, бирок буга мамлекет көңүл бурбайт.
— Балдар үйүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрү көп көйгөйлөр менен кездешет: турак-жайдын жоктугу, жумушсуздук, кылмыш иштерине аралашуу, зордук-зомбулук… Сиздердин эсеп боюнча балдар кайсы көйгөйлөргө көп туш болушат?
М.О.: 90%ы турай-жайдын жоктугу жана зомбулук, зомбулукка кабылгандардын саны көбүрөөк. Биринчи орунда – зордук-зомбулук, экинчи орунда – үйдүн жоктугу, үчүнчү орунда – жумушсуздук, андан соң – кулчулукка сатуу жана акыркы орунда кылмыштуулук. Демек, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн кылмышкер деп эле күнөөлөй берген туура эмес. Алар – үй-бүлөсүз, кароосуз калган балдар.
— COVID-19 сиздердин «Оэйсис» фондуңуздарга кандай таасир тийгизди? Пандемия бул балдардын жашоосуна кандай таасир берди?
М.О.: Биз үчүнчү жыл катары менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен финансылык жардам алып жатабыз, бирок бул өтө аз, биз жасаган ишибиздин 10%ын гана жабат. Негизинен жетекчи катары мен күн-түн дебейдосторума жазып, каражат чогултуп, жардам берүү үчүн долбоорлорду жазып чыгам.
Биздин фонддо социалдык кызматкерлер бар, биз жардам берген балдардын жашоосу кандай болуп жатканына көз салып турабыз. Пандемия учурунда «Оэйсис» фондуна жардам сурап кайрылгандардын саны көбөйдү. Мурда 1-2 жыл мурун бүткөндөр чалып келишсе, азыр болсо интернатты 5 жыл мурун бүткөндөр дагы келип жатышты. Биз аларга азык-түлүк, дары-дармек алып берип, психологиялык колдоо көрсөтүп, укуктук маселелер боюнча кеңеш берип жатабыз.
— Сиздердин Facebook баракчаңызда интернаттын жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жайкы лагерлерге жөнөтүп жатканыңыздарды көрдүк…
М.О.: Ооба, дайыма жиберип турабыз. Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлерде эс алууга барган 15-17 жаштагы балдар өздөрүнүн укуктары тууралуу көп пайдалуу маалыматтарды алат. Мындан сырткары, лагерлерге барган учурда балдар бири-бири менен таанышып, достошуп, кыйын күндөрү колдоо көрсөтүүгө үйрөнүшөт. Бул өтө маанилүү – алар өз алдынча болуп, жоопкерчилик алууга үйрөнүшөт.
— Негизи эле балдар үйү, интернаттар керепи? Кандай ойлойсуз?
М.О.: Бара-бара балдар үйлөрүн жоюп, кароосуз калган балдарга карата камкордукту өзгөртүш керек. Бул жагынан мен “Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова менен макулмун. Ал бардык балдар үй-бүлөдө жашаш керек деп келет. Бирок, практика көрсөткөндөй, биздин өлкөдө балдарга жардам берүүчү альтернативдик кызматтар али жетиштүү деңгээлде түзүлүп жана чыңдала элек: билим берүү жана чоң турмушка даярдоо деңгээли жетиштүү эмес. Мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көбү пандемия учурунда үй-бүлөлөрүнө кайтарылып берилди. Ата-энелер гаджеттер жана акылы толук жетилбеген балдарды окутууга атайын билими жок балдарды кантип окутарын билбей калышты. Ошондой эле, бардык эле үй-бүлөлөр 12-13 жаштагы бойго жеткен балдарды асырап ала албасын билишибиз керек. Башка өлкөлөрдө институционализациядан ажыратуу реформалары биринчи кезекте баланын кызыкчылыгын коргоонун бардык чараларын эске алуу менен өтө методикалык түрдө жүргүзүлөт.
— Мээрим, сиз акылдуу кайрымдуулук үчүн деп атасыз, муну менен эмнени айтыңыз келип атат?
М.О.: Биздин «Оэйсис» фонду акылдуу кайрымдуулукту балдар үйлөрүнүн бутүрүүчүлөрүнүн билимине инвестиция салуу деп түшүнөт. Бүгүнкү күндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик 70 пайызы окууну жумуш менен айкалыштырып, бир эле учурда иштөөгө жана окууга мажбур болушат. Бул алар үчүн татаал нерсе. Айрымдары кийим-кече, гаджет, тамак-аштын жетишсиздигинен окууларын таштап салышат. Мындан улам биздин фонд таланттуу балдардын билим алып, татыктуу жашоодо жашоосу үчүн контракт боюнча окуусунун акысын төлөп келет.
— Жаштардын билим алуусуна инвестиция салуу- өтө маанилүү. Бирок алардын көпчүлүгүндө биринчи кезекте психологиялык көйгөйлөр бар. Булар көбүнчө жаракат алган балдар…
М.О.: Ооба, дал ошондой: балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын баардык бүтүрүүчүлөрүнүн 91 пайызы – зордук-зомбулуктун курмандыктары, бирок алар бул жөнүндө көп деле биле беришпейт. Аларга олуттуу, кесипкөй жардам керек.
Мисалы, биздин психологдордун арасында травмадан кийинки синдром менен иштешкендер аз. Өнөкөт алкоголизмден жапа чеккен энелерден туулган балдарда феталдык алкоголдук синдром бар. Адистердин айтымында, бул аларда жан дүйнөсүнө гана эмес, денесине да таасирин берет. Бул синдромдун көрүнүштөрү -өнүгүүнүн кечеңдеши, токсикалык стресс, адамдын сүйлөөдөн коркушу, жаактын жана мээнин деформациясы. Жалпылап айтканда, мунун баары олуттуу нерсе. Бул учурда биз америкалык психиатрлар менен биргеликте иштешебиз. Мында психологиялык гана эмес, дал ошол психиатрдык жардам керек.
— COVID-19 балдар үйүндө тарбияланбаган балдардын тагдырына кандай таасирин берди? Аларды да көзөмөлдөйсүздөр да.
М.О.: Биздин фонд укук бузган, мыйзам менен конфликтте болгон балдар менен да чогуу иштейт. Пандемия маалында айыл жергесиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары арасында кылмыштуулуктун саны кескин өстү. Айылдарда балдарды эксплуатациялоо көбөйдү. Мындай үй-бүлөлөрдөгү ата-энелер “Эмне болуптур? Бала баары бир окубай эле, андыктан иштеп бизге жардам берсин” дешет. Балдар телефон аркылуу онлайн окушат, ал эми элетте интернет жакшы иштебейт. Мындан улам ата-энелери балдарды иштетип жатышат. Мисалы, атасы таксист, баласы ага жардам берет. Эл аралык эмгек уюмунун көз карашы боюнча, бул балдардын эмгегин аң сезимсиз эксплуатациялоо болуп саналат. Бирок муну ошол таксист атага айтыңызчы… Эмне деген жооп угасыз, элестетип атам.
Автор: Элеонора ПРОЯЕВА Сүрөт: Sputnik/Владимир Песня
Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.