Жумгалда көчмө кабылдама «COVID-19» илдетин алдын алуу боюнча иш алып барууда

Окуялар тизмеги 13 Окт 2020 10:02
0 ой-пикир

Бул туурасында Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы Еlgezit.kg порталына билдирди.

2020-жылдын 12- октябрь күнү Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын графиктин негизинде көчмө кабылдама менен айыл аймактарды кыдырып келишти.

Анда өлкөбүздө болуп жаткан «COVID-19» илдетин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында баардык санитардык-карантиндик эржелерди сактоо менен эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле айыл тургундарынан арыз даттанууларды кабыл алышып, жеринен чечип берүүгө көмөк көрсөтүп жатышат.

Милициянын көчмө кабылдамасына 12 жаран кабыл алынып, 5 жаран жакшы ой пикирлерин калтырышкан.

Жумгал районунун аймагында мындай иш чара дагы да уланып турмакчы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.