Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн
Буга чейин элибизге жана мамлекетибизге коркунуч туулуп жатканы жөнүндө жолу эскертилген. Жоопкерчиликсиз саясатчылар, парламентке, аткаруу бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келишип, натыйжада чоң катастрофа болуп кетиши мүмкүн. Бирок бийлик жана коомчулук эч нерсени түшүнгөн жок, өткөндөн сабак алган жок.
Жалпы эле жоопкерчиликсиз мамиле азыркы абалга алып келди. Эгерде азыр акылыбызга келип, консенсусту таппасак алдыда бизди «ливизация» жана «ливанизация», башкача айтканда, Ливиядагыдай, Ирактагыдай, Түштүк Ирактагыдай, Малидегидей, Афганистандагыдай абал күтүп турат. Кечээ мунун баары жомоктой сезилчү, бүгүң болсо андай абал босогобузда турат. Азыр болуп жаткан окуялар оюн жана күлкү эмес. Жогоруда аталган өлкөлөрдө ондогон жылдар бою коркунуч күч алып, жүздөгөн, миңдеген, миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылууда.
Кайсы бир кызмат үчүн же жеке байлык үчүн күрөшүп жүрө берсек мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Өз дымактарына ээ боло албаган, куру сөз сүйлөп, бийлик дегенде “көздөрү күйгөн” жыйырма чакты кишинин айынан өз мекенибизди жоготуп алуу коркунучу бар. Кыргыздардын үч миң жылдык тарыхында бир нече жолу мындай абал болуп өткөн. Элин-жерин ойлогондор бийликке жутунуп, кызмат талашпашы керек.
Мен интернетти карап чыгып, 2019-жылы саясатчы, Орусиянын Улуттук стратегия институтунун директору Юрий Солозобовдун биздин өлкөгө койгон диагнозун таптым. Анын сөздөрүнө макул болбой коюуга мүмкүн эмес:
1. «Эмне үчүн Кыргызстандагы ар бир жаңы бийлик мурункуга караганда алсызыраак жана начарыраак? Борбор Азиядагы чакан республиканын саясатчылары жана коомдук мамилелери экономикалык, саясий жана социалдык жактан туруктуу түрдө деградация болуп жатканы байкалат… Азыркы кыргыз саясий лидерлери уруучулук, талаа командирлик, ал тургай кылмыш тобунун деңгээлине чейин майдаланды. Мындай топтордун эң башкы дымагы — кандай жол менен болбосун бийликке жетүү.
2. 2016-жылы өкмөт кызматтан кеткенде эле азыр болуп жаткан саясий окуяларды божомолдоп жазган элем. Кыргызстандагы саясий сасык тумоо өнөкөт ооруга өттү. Анын өзөктүк себеби — бириккен улуттун, анын кызыкчылыгын көздөгөн элитанын жоктугу. Ушундан улам чакан мамлекет «социалдык таштандыга» айланууда. Кыргызстандын «сомализациясы» — өтө оор дарттын белгиси. Бул жалпы постсоветтик өлкөлөрдүн дарты болот. Себеби экономикасы күчтүү Орусия менен Евробиримдик башка өлкөлөрдөгү эң мыкты адамдарды өзүнө тартууда. Мекенинде калгандардын көбү билимсиздер.
3. “Демографиялык кыйынчылык тарткан өлкөлөр өнүгүүнүн эң оңой жолуна түшүп, адам ресурсун, жаштарды, билимдүүлөрдү постсоветтик өлкөлөрдөн алып кетип жатат. Эс алууга чыккандар, билимсиздер өлкөдө калып, алардын маселесин чечүүнүн жолу табылбай турат. Орусияга жакын жайгашкан Кыргызстан сыяктуу «кара тешиктерди» эмне кылышыбыз керек деген суроо туулат. Ал жакта башталган «сомализация» маселесин жергиликтүү бийлик эч качан чече албайт. Кыргызстандагы абал сырттан кийлигишмейин оңолбойт”.
4. “Өлкөнү өнүгүү жолуна салчу чыныгы саясий элита жок. Ал эми калгандары болсо өз өлкөсүн стратегиялык жактан өнүктүрө албайт. Менин пикиримде, Кыргызстанды сактап калуу үчүн коллективдүү программа керек.
5. “Бирок мындай эл аралык программа кыргыз элитасынан жоопкерчиликти талап кылат”. Жаңы парламенттик шайлоодо жөн гана жаш, сулуу талапкерлер эмес, жоопкерчиликтүү, акылдуу адамдар келиши керек.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.