Сүрөт: Ак үйдүн азыркы абалы

Окуялар тизмеги 07 Окт 2020 12:22
0 ой-пикир

Актриса Айжан Акылбекова Фейсбук баракчасына мындай деп жазды:

-Ак үйдүн тегеригин 2 аял, менин балам анан дагы 2 жаш бала суу болуп шыпырып, жыйнап журсөк, 3 жигит Ак үйдон чон сумкаларга салып бирдемелерди алып кетип баратышат, ырсандап кулуп…😨🤦🏻‍♀️«Эй, акмактар! Уятынар барбы?Силердин тиги коррупциянерлерден эмне айырманар бар?»- деп эле калып калдым…Жигиттер!Жаштар!Бир барак кагаз, бир калем албагыла!!!Ан-сезимди өстүрөлү!Ак үйдү уурдаш учун алган жоксунар!Окугандар бири-биринди тескегиле!Талкалоого, уурдоого жол бербегиле!- деп кайрылган.

“Өкмөт үйүн өрттөгөн, тоногондорду түшүнгөн жокмун. Ал жакта аз эле чиновник, бирок абдан көп карапайым адамдар иштейт (арасында Лондондогу сонун ишин таштап, элиме кызмат кылам деп келген менин сүйүктүүм да бар). Эми алардын документтери эмне болду? Кызым визага атасынын иш жеринен документ керек деп жатат, чет өлкө элчилигине ушул сүрөттөрдү көрсөтөбү? Бул кайра эле биздин салыкка оңдолот да. Ушуга кеткен акчага мектеп же оорукана салсак болот беле? 6-октябрдагы Ак үйдүн ичи“,- деп жазат Бактыгүл Чыныбаева.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.