ИИМ: Митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келди

Окуялар тизмеги 05 Окт 2020 21:42
0 ой-пикир


Ички иштер министрлиги “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тынч тарап кетүүгө чакырган. Бирок, митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузушуп, Чүй проспектисиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары агрессивдүү түрдө Чүй проспектиси аркылуу кыймылды баштап, Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазасын сындырууга аракет кылышты. Таш ыргытышып, дарбазадан ашып кирүү аракеттерин жазашты.
Ошол себептүү жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды газ жана үн чыгаруучу атайын каражаттарды колдонуу жана суу бүрккөн автонууларды пайдалануу менен таркатууга туура келди.
ИИМ жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эскерткенбиз, бирок ошого карабастан алар коомдук тартипти бузууга барышты.
Акцияны уюштуруучуларды жана партиянын лидерлерин митингге катышкандарды үйлөрүнө толук таратып кетүүгө дагы бир жолу чакырабыз.
Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.
ИИМдин Басма Сөз кызмат

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.