Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 кишиге жетти.
Жаңы катталгандар:
- Баткен облусунда — 38;
- Ош облусунда — 33;
- Бишкек шаарында — 22;
- Жалал-Абад облусунда — 17;
- Ош шаарында — 8;
- Ысык-Көл облусунда — 6;
- Чүй облусунда — 2;
- Нарын облусунда — 2.
Сүрөт интернеттен алынды