Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору
2020-жылдын Жогорку Кеңешке парламентти шайлоосу аягына жакындап калган учуру. Шайлоого 3 гана күн калды, эми Борбордук шайлоо комитети жарыштан бир дагы партияны, бир дагы кандидатты четтетүүгө укугу жок.
Аналитиктердин айтуусуна караганда, жарыштын алдыңкылары болуп административдик жана финансылык ресурстарга бай партиялар эсептелинет. Биринчиси – форма 2 аркылуу мамлекеттик ишкерлердин добушун топтоп махинация кылгандар, экинчиси – үгүт кампаниялардын кең пейилдик менен акча төлөгөндөр жана массалык добуш топтогондор. Ошондой эле күчтүү административдик жана финансылык ресурстарга ээ болгон партиялар өзүнүн катарына белгилүү жана авторитеттүү инсандарды кошуусу дагы шайлоонун жыйынтыгында чоң роль ойношу мүмкүн. Ошону менен бирге саясатчылар жана аналитиктер алдыдагы шайлоо көптөгөн сюрприздерге бай болорун айтышууда. Көптөгөн жаңы партиялардын катышуусу, ошондой эле күчтүү карама-каршы электоратына карабастан, жарышта “кара күчтөр” да марага чыгуусу мүмкүн.
Эмне үчүн жаңы партиялар жеңишке жетүүсү мүмкүн?
Чыныгы реформалардын жоктугу, пандемия учурундагы өкмөттүн шалаакылыгы, экономикалык кризистен өлкөнү чыгара албагандыгы, ошондой эле VI чакырылыштын сабатсыздыгынын айынан натыйжасыз иштөөсү өлкөдө күчтүү карама-каршы электоратты жаратты. Жогорку Кеңештин депутаттарынын абалы жаңы адамдардын келүүсүн жана бүтүндөй саясий системанын өзгөрүүсүн талап кылууда. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында жүргүзүлгөн “Кыргызстандагы 2020-жылдын парламенттик шайлоосу шайлоочулардын көзү менен” аталышындагы социалдык изилдөөсүнө ылайык, шайлоочулардын 96%ы парламентте билимдүү эл өкүлдөрүн көргүсү келерин белгилешкен. Ошондой эле жаш, жаңы жана “элдик” талапкерлерди колдоорун айтышкан. Элдин бардыгы чыныгы өзгөрүүлөрдү жана жашоонун деңгээлинин өсүүсүн каалап турган учуру.
Коомдун маанайын тез сезип, келечектеги саясий мейкиндикке болгон көз карашын жаңырткан партия модераторлоруна сый көрсөтүшүбүз керек.
Учурдагы парламенттик шайлоого өз тарыхында биринчи жолу бир нече жаңы партиялар бара жатат (алардын айрымдары ачык-айкын фаворит статусуна ээ), ал эми эски партиялардын көпчүлүгү өз платформаларын толугу менен реформалап, талапкерлердин катарын жаңыртышты. Ошону менен бирге, коом мындан ары партиянын көрнөк-жарнактарына алданбай тургандыгын, эми жөн гана “жаңы” болуу жетишсиз экендигин, жаңы платформага, идеяларга ээ болуп, бийлик структурасында эмнени өзгөртүү керектигин түшүнүү керек. Ошондуктан «эски-жаңы» партиялар күчтүү каржылык жана административдик ресурстарга ээ болгондугуна карабастан, катарында VI чакырылыштын депутаттары, олигархтар, чиновниктер, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү көп болгондуктан керектүү добуштарды ала албай калышы мүмкүн.
Өлкөнүн аймактарынын көпчүлүгү парламенттик шайлоолордо «дос же душман» принциби боюнча өз тандоосун жасап келишкен. Катарында аймактык лидерлер, айылдарынын, райондорунун, шаарларынын же облустарынын активисттери бар партиялар артыкчылыкка ээ болуп келген. Партиялардын идеологиясы жана платформасы ар дайым экинчи орунда кала турган. Бирок азыркы парламенттик шайлоодо бул «сурнай» дагы иштебей калышы мүмкүн, анткени коомдо көңүл калуу деңгээли өтө жогору.
Ушундан улам өлкөдө реалдуу тармактык өзгөрүүлөрдү сунуш кылган жана саясий жактан толугу менен жаңыланган партиялар жеңишке ээ болушу мүмкүн.
Бул жерде шайлоочулардын популисттик чараларды көрүүгө чакырган кээ бир радикалдык партиялардын экстремисттик ураандарына алданып калбашы өтө маанилүү. «Талап-тоноо» жана «биз эскилердин бардыгын жер менен жексен кылабыз» деген ураандар ыргытылат.
Мисалы, Украинада ушундай бузуку жол менен саясий жана мамлекеттик системаны жок кылуу процессин баштаган. Азыр Европа биримдигинин өкүлдөрү дагы Украинада бийликтин вертикалы талкаланганын, мамлекетти регионалдык кландар башкарып жаткандыгын жана аларды европалык негизде реформалоо мүмкүн эместигин моюнга алышууда.
Дал ушундай абалга кабылбаш үчүн коңшулардын каталарынан сабак алып, мындай акылсыздыкты жасабашыбыз керек.
Ошондуктан суроо-талап болгондуктан, бул процесстер саясий укуктук нукта кала тургандай олуттуу социалдык чектен чыгып кетпеши үчүн зарыл болгон жооп түзүлөт. Жаңы муун өзүнүн көңүлүн жаңыланган партияларга бурушу толук мүмкүн. Бул өлкөнүн саясий өнүгүүсүнүн табигый талап кылынган процесси. Коронавирус пандемиясы коомдогу дүйнө таанымдын өзгөрүшүнө, мамлекеттин турмушунда сапаттуу өзгөрүүлөрдү жасоого умтулган жаңы саясий каармандардын пайда болушуна өбөлгө болду. Демек, алдыдагы шайлоонун башкы сюрпризи жаңы саясатчылардын, жаңы партиялардын жеңиши менен коштолушу толук ыктымал.
Азыркы бийлик бул кадимки көрүнүш экендигин гана түшүнүшү керек. Реформа жасоо мүмкүнчүлүгү оппозициялык энергияга айланып, легитимсиз талаага чачырап кетпестен, парламенттеги позитивдүү чыгармачыл энергияга айланганы жакшы. Мисалы, аянтта. Буга чейин бир нече жолу болгондой…