Семетей АМАНБЕКОВ, Elgezit.kg сайтынын башкы редактору
Учурдагы Жогорку Кеңешке шайлоо өзгөчө болуп жатат. Биринчи жолу пандемиянын шартында шайлоо өтүүдө. Көпчүлүк саясий партиялар катарын жаштар менен жаңылап, вектордук багытын жана көнүмүш стратегияларын алмаштыруу менен “нөлдөн” башташты. Көп жылдан кийин парламенттик шайлоодо бийликтин бир дагы партиясы жок.
Дагы бир болуп көрбөгөндөй жаңычылдык – бул шайлоочулар өзүлөрү каражатын партиянын муктаждыктарына жумшаган саясий краудфандинг куралын колдонуу.
Краудфандинг сөзү англис тилинен элдик каржылоо (сrowd – «топтошкон эл», funding – «каржылоо») деп которулат жана ал батышта активдүү колдонулат. Мисалга алсак, АКШда краудфандингдин эсебинен көптөгөн ММКлар иш жүргүзүшөт жана аны менен жашашат. Саясий краудфандингге эң белгилүү мисал катары 2008-жылдагы президенттик шайлоону келтирсек болот, анда Барак Обама шайлоочулардан 850$ топтогон.
Кыргызстанда бул көрүнүш таптакыр жаңы. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бир нече партия потенциалдуу шайлоочулардан акча чогултула баштаганын жарыялашкан. Бирок бир гана партия бул максатка жетти. Мындан чогултулган каражатты ал партия шайлоо күрөөсүнө (залог) колдонууну пландаштырган, Кыргызстанда бул күрөөнүн суммасы 5 миллион сомду түзөт.
Чогултуу ачык өттү, партиянын лидерлери социалдык тармактар аркылуу өзүнүн электоратына кайрылышты. Акча бөлгөн жана акча которгон адамдардын тизмеси ачык жарыяланып турду. Аны интернет аркылуу каалаган адам текшерүүгө мүмкүн болду. Баса, шайлоо учурунда кайрымдуулук иштерине анонимдүү каражат чогултууга мыйзамда тыюу салынган, ошондуктан акча которуулардын баары ачык-айкын болушу керек.
Таң калычтуусу, бул максат өтө кыска убакыттын ичинде ишке ашты. Курамына жаш активисттер, коронавирус пандемиясынын күчөгөн мезгилинде өзүн көрсөткөн ыктыярчылар (волонтёрлор) кирген партия 5 миллион 478 миң 219 сом 13 тыйын чогултуп, шайлоо алдындагы жарышка кире алды. Айтмакчы, добуш берүүнүн жыйынтыгында эгерде партия шайлоочулардын жалпы санынан 5%дан жогору добуш алса күрөө кайтарылышы мүмкүн, эгер ага жетпесе күрөө кайтарылбайт.
Эмне үчүн краудфандинг партиялар жана өлкө үчүн пайдалуу?
Эл саясий элитаны түзүүгө түздөн-түз катышат. Бул жерде краудфандингди кайрымдуулук иштери менен чаташтырбаш керек. Эл бул акчаны боору ооруган үчүн кайрымдуулукка жумшаган жок, чындыгында, бул акчаны өлкөнүн келечеги үчүн салып жатат. Партия парламентке шайланган учурда электорат алардан шайлоочулардын алдындагы милдеттерин аткарышын жана убада кылган шайлоо программаларын аткаруусун талап кылууга укуктуу.
Краудфандингдин эсебинен каржыланган партиялар өздөрүн коркпой туруп элдик деп атап, өзүлөрүнүн легитимдүүлүгүн жана коомдук колдоо даражасын көрсөтө алышат.
Өзүнүн шайлоо алдындагы иштерин краудфандингдин эсебинен жүргүзгөн партиялар күмөндүү, коррупциялык каржылоо катары айыптоолорду четке кага алат.
Бул партиялардын алардын саясий уюмуна каражат салган адамдар аларга сөзсүз түрдө добуш берет деген кепилдиги бар.
Баса, 5 миллион сомду түзгөн шайлоо күрөөсү партиялар арасындагы жандуу атаандашууда олуттуу тоскоолдуктардын бири деп эсептелет. Бул тоскоолдукту катарында олигархтар, ири бизнес өкүлдөрү же коррупциялашкан аткаминерлер бар партиялар оңой эле аттап өтүшү мүмкүн. Негизги бөлүгү жарандык активисттерден, волонтёрлордон, дыйкандардын өкүлдөрүнөн, жаш саясатчылардан ж.б. турган партиялар үчүн бул сумманы чогултуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан краудфандинг партиялар арасындагы атаандаштыкты түзүүдө мыкты курал. Бул нерсе саясатчылар жана коом үчүн оппозициялык маанайды иштиктүү багытта өткөрүү үчүн өз ара пайдалуу жолун түзөт.
Биз көрүп тургандай, саясий краудфандинг жалпы максаттарга жетүү үчүн пайдалуу курал. Бирок көпчүлүк салттуу партиялар аны колдонууга шашылбайт.
Эмне үчүн краудфандингди көпчүлүк салттуу партиялар колдонбойт?
Көпчүлүк партиялардын каржылоосу жабык, шайлоо фонддору көбүнчө аткаруу бийлиги тарабынан көзөмөлдөнөт, көптөгөн парламенттик мандаттарды бизнес өкүлдөрү, кылмышкерлер жана таза эмес чиновниктер сатып алышат. Депутаттык төш белги көпчүлүк үчүн – бул парламенттик белгиси бар элиталык бизнес-клубга кирүү билети сыяктуу.
Көпчүлүк учурда партиялар тышкы ири саясий оюнчулар тарабынан каржыланат.
Партиялардын көпчүлүгү коомдун – дыйкандар, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, бюджеттик кызматкерлер ж.б. белгилүү бир катмарынын кызыкчылыгы менен тааныш эмес. Ошондуктан краудфандинг жарыяланган күндө деле көпчүлүк партиялар шайлоо алдындагы иштери үчүн жетиштүү сумма чогулта алышпайт.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда саясий краудфандингдин позитивдүү прецеденти түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Бул партияларга шайлоодо катарына олигархтарды жана ири бизнес өкүлдөрүн кошпой туруп эле атаандашууга мүмкүнчүлүк берет. Краудфандингдин негизги кемчиликтери – Кыргызстандагы калктын жакырчылыгы жана алардын саясатчыларга болгон ишениминин төмөндүгү. Ошондуктан краудфандингди ийгиликтүү баштаган партия парламентке шайланып, бирок шайлоочулардын ишенимин актабаса, анда бул шайманга болгон ишеним биротоло жоголот.