УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары Эркин Бакиров 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эркин Бакиров банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткан. Мындан улам анын функцияларын өзүнүн карамагындагы кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага өз каалоосу менен кызматтан кетиши үчүн каражат сунуштаган.