Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн
Кечээ жакында менден бир журналист Кыргызстандын саясий партияларына кандай суроо берет элеңиз деп сурап калды. Мен ойлонбой туруп эле дароо алардын идеологиялык багыты кандай экенин сурамакмын деп жибердим. Бул суроо көпчүлүк кыргыз партияларын жарга такамак. Эгерде партиялардын идеологиясы жок болсо, башкача айтканда, болуп жаткан нерселерге, өткөнгө жана келечекке өзүнүн көз карашы жок болсо, ал элге, мамлекетке эмнени сунуш кыла алат? Кандай саясатты, кандай жолду сунуш кылат? Алардын негизги көздөгөн максаты ушунда эмеспи. Ошондуктан азыркы дебаттардын баары тажатма, буга чейинки шайлоолордогудай эле “жердеги бейишти курабыз” деген убадалар, шайлоо алдындагы лозунгдар пайда болгонго чейин эле эскирип калган. Баары эскирген жана зериктирме, нафталин. Эч нерсе жасашпайт, жасай дагы алышпайт, баарын мурдагыдай эле ишке ашпай куру сөз бойдон кала берет. Мага демектен талапкерлердин курамын жүз жолу алмаштыргыла, жаштарды алдыга койгула, а аялдардын ордун жаш кыздарга толтургула. Анткени ары өткөн, бери өткөндөрдү ушактап отурган кемпирлердей партиялардын бардыгы бири-бирине окшош. Саясаттагы, сапардагы, жолдогу сунуштарында – партиялардын башка коомдук уюмдардан эң негизги айырмасы ушунда турат. Ошондуктан партияларга гана өзүнүн талапкерлерин бийликке көрсөтүүгө укук берилген. Өзүнүн көз караштарын, программаларын жана пландарын ишке ашыруу үчүн саясатты сунуш кылуу менен алар өз ара бийлик үчүн күрөшүшөт.
Эволюциянын жыйынтыгында дүйнө жүзүндө үч негизги саясий идеологиясы келип чыккан – консерватизм, либерализм жана социализм. Анын эң төмөнкү радикалдуу формасы болуп фашизм, анархизм жана коммунизм эсептелет. Базалык идеологиянын ичинен эң биринчи консерватизм келип чыккан. Жаңы мезгилде андан либерализм башталды. Либерализмден да жаңыраак болуп социал-демократия бөлүнүп чыкты. Бул идеологиялардын бардыгы адам укуктарын сыйлоого жана жеке менчикти коргоо позициясында турат. Алар бири-бирине карата карама-каршы келбейт. Бирок мамлекетке, каада-салтка, баалуулуктарга, согушка жана тынчтыкка, салык саясатына, теңчиликке жана башкаларга карата айырмаланып турат.
Европада ондогон жылдар бою шайлоочулар өз саясаттарын сунуш кылган, талашкан, кызматташкан жана тышкы, ички саясаттын фундаменталдык көйгөйлөрү боюнча бири-бири менен өз ара аракеттенип келген консервативдик, либералдык жана социалисттик багыттардагы партияларды кезектешип бийликке алып келишет.
Европада шайлоочулар өз саясатын сунуштаган, талашып-тартышкан, кызматташкан, тышкы жана ички саясаттын принципиалдык көйгөйлөрү боюнча бири-бири менен өз ара аракеттенишкен консервативдик, либералдык жана социалисттик партияларды ондогон жылдар бою кезеги менен бийликке алып келишет. Күчтүү партиялар кармалып калат, алсыздар жоголот же күчтүүлөрдүн арасына кирип кетишет. Бир кездерде Англияны консерваторлор менен либералдан узак убак бою башкарып турган. ХХ кылымдын башында кырдаал өзгөрүп, саясий аренага жумушчу класс чыкты да, либералдар өзүнүн ордун лейбористтерге (социалисттерге) бошотуп беришти.
Эгер кайсы бир партия эң көп добушка ээ болсо, анда алар өкмөттүн негизги көпчүлүк курамын түзүп жана бийликке ээ болушат. Эгер андай болбосо, коалициялык өкмөт түзүлөт да, бир нече партия жалпы кызыкчылыктарды көздөп жана кайсы бир маанилүү маселелерди чечүүдө биргеликте чечим чыгарышат. Ошондо гана парламентте атаандаштык, ар түрдүү пикирлер, чечимдер, альтернатива келип чыгат. Бардык партиялар, башкаруудагы болобу же оппозициядагыбы, мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылып башташат. Ишин кандай жүргүздү, жыйынтык болдубу, мамлекеттин өнүгүүсүнө кандай салым кошту, шайлоочулардын ишенимине кире алдыбы ошого жараша кийинки шайлоодо партиялар орун алмашат.
Эгер ишинде жыйынтык көрүнбөсө, анда шайлоодон жеңилип, оппозициянын катарынан орун алышат. Ал эми мурда оппозицияда жүргөн партиялар бийликке келишет. Мындай ыкма жүздөгөн жылдар бою колдонулуп келет жана ар дайым эффективдүүлүгүн көрсөтөт. Батыштын бир профессору белгилегендей: оппозиция, албетте, болушу керек. Бирок биз эсибизге түйүп, унутпай жүрчү нерсе: оппозиция – демек, өтө терең эмес чечимдерди кабыл алуу. Ошол эле профессорго таандык сөздөрдү мисал келтирейин. Европарламенттеги Жашылдардын популярдуулугунун өсүшүнүн себеби: Жашылдар башка партиялар көңүл бурбаган маселелерди чечүүгө аракет кылышат. Мындай акылдуу кадамдын натыйжасында Батыш Европа адамзатынын жашоосу үчүн Жер шарынын эң ыңгайлуу бөлүгүнө айланды.
Албетте, Кыргызстанда азыркы учурда партиялардын түзүлүшү да, иш алып баруусу да башка. Идеологиялык партиялар жок, башкача айтканда, алардын идеологиясы болсо да ал партиялар менен байланыштуу эмес. Партияларда ошол идеологиянын алып жүрүүчүлөрү жок – жетекчилер, теоретиктер жана практиктер. Идеология жокпу, демек, башка өнүккөн өлкөлөрдүкүндө көрүнгөндөй туруктуу электорат жок болот. Андыктан дайыма орун алмаштырып, “орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” дегенге барабыз же тескерисинче. Же кофе менен төлгө ачыш керек. Баягы эле каталарды кетиребиз. Убакытты текке коротобуз. Турган ордубуздан жылбайбыз. Бул велосипедди кайра башынан ойлоп табуу дегендей эле нерсе.
Саясий элита өлкөдөгү ортостатистикалык жарандардын артынан ээрчибей, тескерисинче, аларга караганда он же андан да көп кадамга алдыда болушу зарыл. Анан да мурдагы тажрыйба көрсөткөн кемчиликтерди кайталабаганга, жамандыктардын алдын алганга жана албетте, мамлекеттин тез арада өнүгүүсүнө болгон аракетти жумшашы кажет. Анан келерки шайлоодо жаңы партиядан жылуу орун издеп убараланбай, айтылган сөзүн аткара албай бети кызарып турбагыдай болушу шарт. Парламент сыяктуу элдик өкүлчүлүктүн институтун кодулабаш керек. Анда жаманатты кылчу жери деле калбай калды.
Бардыгы бизге чейин эле ойлонуштурулуп табылган. “Американы ачуунун” кереги жок. Бизге болгону белгилүү илим-билимди, колдонулган ыкмаларды, ресурстарды, практикаларды туура жана акыл менен колдонуубуз керек. Мындай туура жолду өз кезегинде корейлер, сингапурлуктар, тайвандыктар, малазиялыктар жана башкалар колдонушкан. Партиялар өз программасынын алкагында жашап жана натыйжалуу иш алып баруусу керек. Азыр деле кеч эмес, эртең эле шайлоо өтөт, анан бир нерсе кылыш керек, шайлоого чейинки элге берген сөздөрдү ишке ашыруу керек болот. Ошондо гана парламент мамлекетке пайда алып келет. Эске салсак, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында бизде социалисттик, социал-демократиялык, либералдык, консервативдик партиялар пайда болгон. Кийин көптөгөн аморфтук көз караштагы центристтик жана патриоттук партиялар түзүлө баштады. Бирок бул партиялардын түзүмү президент Атамбаевдин убагында кулады, бийликке өзүнүн КСДП партиясын алып келди. Натыйжада ал реакциячыл персоналист-популисттик (биздин саясатчылар жана депутаттыкка кандидаттар бул эмне экенин түшүнөт деп үмүттөнөм?) “уюм” болуп чыга келди, анын астында ар кандай жасалма партиялар жана жасалма саясатчылар көбөйүп, уурулук жана коррупция кеңири жайылып, түрмөлөр саясий туткундарга толду жана башка. Партиялык түзүмдөрдөгү бул оор мезгилден өтүү менен Кыргызстанда өнүгүүгө карай алдыга жылат деген ишеним бар.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт