«Республика» партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы cуракка чакырылды

Окуялар тизмеги 24 Сен 2020 08:28
0 ой-пикир

«Республика» партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы «добуш топтоо максатында адамдарга акча тараткан» деген шек менен милицияга суракка чакырылды.

Ал 22-сентябрда Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында шайлоочулар менен жолугушуп, акча таратканы аныкталганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди:

«Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат».

Акча таратуу фактысы тартылган видео соцтармактарга да тарады.

«Республика» партиясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталгандан кийин комментарий берилерин билдирди.

Буга чейин добуш сатып алуу аракети үчүн «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» сыяктуу партиялардын дарегине сын айтылып келаткан. Ал партиялар муну четке кагышкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.