Полковник ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган деген шек менен колго түштү

Окуялар тизмеги 24 Сен 2020 08:04
0 ой-пикир

Кечээ, 23-сентябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерин (полковник) ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган деген шек менен колго түшүрдү.

Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, милициянын полковниги жалпы өлчөмү бир жарым килограмм баңгизатты 581 миң сомго сатууга аракет кылган. Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңгизаттарды сатуу максатында мыйзамсыз жасоо») менен катталды.

Кылмышка шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт УКМК

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.