Акыркы күндөрдөгү жаңылыктарда эки тема даана айырмаланып турат: партиялардын парламенттик шайлоого даярдыгы жана коронавирустун кайтып келиши. Шайлоо жакында өтөт, ал тууралуу мурдагы шайлоолордой эле унутулат. Коронавирус, эксперттер белгилеп жаткандай, узагыраак созулат – муну башка өлкөлөрдө, жадкалса бизде дагы күч алып жатканынан билүүгө болот.
Ушул шарттарда түбөлүктүү темаларды көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Азыркы учурда – бул балдар жана алардын көйгөйлөрү.
Балдар аларда баары жакшы болсо да аялуу катмар – турмушка туруктуу жандыкка айланышы үчүн өзгөчө шарттарды жана камкордукту талап кылган назик гүлдөргө окшош.
Бүгүнкү күндө шарты жакшы үй-бүлөлөрдө да коронавирус пандемиясынын кесепетинен көптөгөн көйгөйлөр келип чыкты: балдарга билим берүүнү, эс алууну, өз мейкиндигин, психологиялык жайлуулукту кантип түзүп бериш керек? Эгерде үй-бүлөдө көйгөйлөр болсо: жумушсуз ата-энелер, зарыл болгон муктаждыктарга акчанын жоктугу, улуулардын туруксуз психикасы, кыйкырыктар, зордук-зомбулук – мындай нерселер кичинекей балдардын жашоосуна өмүр бою оор так калтырган жаракаттарды калтырат.
Баланын тагдырын мындан да оор кылган вариант бар – бул ата-энесин, туугандарын жоготуу, мында бала коркунучтуу чөйрөдө жана убакта өзү жалгыз калат. Бул учурда жөнөкөй, бирок өтө оор суроо жаралат: кантип жашап кетет, каякта жашайт, жашоого кантип учук табат?
Мындан бир жыл мурун Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун көбөйүшүнө байланыштуу, зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга, билим берүү жана адистештирилген балдар мекемелеринин медагогдоруна, социалдык коргоо, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекцияларынын кызматкерлерине ыкчам жардам көрсөтүү зарылдыгына байланыштуу балдар акыйкатчысы пайда болгон.
Тилекке каршы, мамлекет, ал тургай ушул сыяктуу атайын институттар дагы кыйынчылыкка туш болгон балдардын көйгөйлөрүнө – туугандары жок балдарга, аларга камкордук кылчу жана жардам берчү адамдары жок балдарга керектүү көңүл бөлүшпөйт.
Мамлекет үчүн бул функцияларды өкмөттүк эмес уюмдар аткарышат. Чындыгында, булар болбосо карантинде же пандемия учурунда көчөдө калгандарга өтө жаман болмок. Балдар үйлөрү жабылды, көчөгө ташталган балдарды кабыл ала алышкан жок. Ушундай эле тагдыр балдар үйлөрү-интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнө да туш келди, алар кайда барарын билишпейт, жашай турган жери жок, ошондой эле алар жашоосуна иштеп акча таба алышпайт, анткени жадакалса чоңдор жумушу жок отурушат.
Бул балдар – интернаттын-балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана алардын бүтүрүүчүлөрү бул кыска өмүрүндө бир нече жолу кордук-зомбулукту башынан өткөрүшкөн. Алгачкы кордугу – кимдир бирөөсүн төрөлгөндө эле таштап кеткен, бирөөсүн ата-энеси баш тарткан, кимдир-бирөөсүн ата-энелик укуктан ажыратылган ата-энесинен тартып алышкан, а кимдир-бирөө ырайымсыз үй-бүлөдөн өзү кеткен.
Эсимде, Николай Губенконун советтик кинотасмасы «Жарадарлар» (“Подранки”) деп аталган. Бирок ал согуш учурунда ата-энесинен айрылган балдар тууралуу болчу. Ата-энесиз жана чоңдордун камкордугусуз калган азыркы биздин замандын балдары эч кандай согушсуз эле жарадар болгондор, чоңдордун кайдыгерлигинен жана мамлекеттин алсыздыгынан жапа чеккендер.
Менин курбумдун атасынын бала чагы согуш учурунан кийинки ачкачылыкка туш келип, аны өзүнүн үй-бүлөсү багып чоңойто албагандыктан юалдар үйундө чоңойгон. Атасы согушта курман болгон, апасы кургак учуктан каза болгон, эжеси борбордо окуган, а туугандарынын өздөрүнүн майда балдары көп болгон. Ошон үчүн аны балдар үйүнө берип коюшкан. Ал ошол убакты эстеп баяндап бере турган. Чынын айтканда, Диккенстин романдары курбумдун атасынын айткан тарбиячылар тарабынан көрсөтүлгөн кордуктардын алдында эч нерсе болбой калат.
Бир жолу ага эжеси стипендиясынан үнөмдөп отуруп портфель сатып берет. Ал ага аябай кубанган! Аябай окугусу келген! Мындай портфелде күндөлүгүнүн баары “5ке” жайнап калмак! Бирок тарбиячы балага өзүнүн улуу баласын жиберип, ал мушташып кичинекей баланын портфелин тартып алган. Кичинекей бала укугун коргоюн деп аракет кылса, тарбиячы өзү өлгүдөй сабап, ага кароолчу да кошумча болгон. Бала бир канча күн керебеттен тура албай жаткан. Балдар үйүнүн директорунун аракети менен гана бул кылмышты жашырууга мүмкүн болгон. Тарбиячы баланын керебетинин жанында тизелеп отуруп кечирим сураган.
Бул өткөн мезгил, ал кезде акыйкатчылар болгон эмес, айрыкча балдар акыйкатчысы жок болгон. Бирок бүгүнкү күндө да мындай мекемелерде абал мактанарлык эмес.
2020-жылдын 13-14-апрелинде «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүй районундагы балдар үйлөрүн, интернаттарды жана чоңдор үчүн психоневрологиялык мекемелерде кыдырышты. Башкы максат – Кыргызстанда коронавирус пандемиясы учурунда бул мекемелердин муктаждыктары кандай экендигин аныктоо. Ошол эле учурда эксперттер байкоолорду жүргүзүп, аталган мекемелердин кызматкерлерине суроолорду беришкен, бирок бул алардын нааразычылыгын жараткан. Акыйкатчы жана укук коргоочулардын комиссиясы төмөндөгүдой тыянакка келишкен:
«Мониторинг көрсөткөндөй, мамлекеттик институттар жабык мекемелердеги аялуу адамдарга – жетим балдарга, психологиялык жактан көйгөйү бар же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго натыйжалуу жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди иштеп чыгышкан эмес.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте аталган мекемелерде коронавирустун алдын алуу боюнча бирдиктүү программаларды иштеп чыгышкан эмес, Билим берүү министрлиги аларды колдоо үчүн альтернативдик окуу программаларын жана жакшы менеджментти уюштурган эмес.
Бардык мекемелердеги дарыгерлер атайын костюмдар жана респираторлор менен камсыздалган эмес. Маскалар жетишсиз, балдар жана чоңдор мекеменин аймактарын маскасыз, топ-тобу менен эле аралыкты сактабай жүрүшөт.
Карантин мезгилинде жана андан кийинки мезгилде балдар интернаттарын, психоневрологиялык мекемелерди коргоочу шаймандар, азык-түлүк менен камсыз кылууга тиешелүү министрликтердин профилдик салымына баалоо жүргүзүү керек. Эгерде карантин узартылса, ушул мамлекеттик органдар интернаттарда атайын окутуу программаларын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар-жогун түшүнүшү керек». Кыргызстанда 2008-жылы катталган дагы бир бейөкмөт уюм – «Оэйсис»/Oasis коомдук кайрымдуулук фонду социалдык-корголбогон жаштар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү менен иштейт.
Бул фонддун кызматкерлери жаштарды шаарда жүрүүгө, билим берүү мекемелерине окууга тапшырууга, үй жана жумуш табууга үйрөтүп, үй тиричилигине керектүү буюмдарды берип, юридикалык консультация жана документтерди алууга жардам беришет.
Дал ушул «Оэйсис» фондусунун кызматкерлери коронавирус азайып калгандай болуп, адамдар, жаштар жана башкалар карантин менен үзгүлтүккө учураган каржылык жашоону окалыбына келтирүүгө аракет кыла баштаган ушул күндөрү балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жашаганга үй, иштегенге жумуш табууга жардам берип жатышат, жоголуп кетпешине жардам берип жатышат.
«Оэйсис» коомдук фондусунун директору Мээрим Осмоналиева кемсинтүү жана зордук-зомбулук кадыресе көрүнүш дейт. Мисалы, ушундай бүтүрүүчү бир жумушка орношту, бирок келишип жумушкаорношкону менен ага акысын төлөбөй коюшту. Алар жөн гана себебин түшүндүрбөстөн жумуштан кетирип коюшат. Мындай бойго жеткен балдардын эмгеги көбүнчө кулчулуктан айырмаланбаган эмгек болуп калат.
Эгерде мындай бүтүрүүчү тигүү цехине келип калса, анда бул чоң ийгилик – коронавирустук инфекциясы күчөп турганда маска тигүү керек болгон учурда болсо – бул ийгилик. Кимдир бирөө «Оэйсиске» кайрылып, уюлдук компанияга стажер болуп кирди, дагы бири ушул эле жол менен, фонддун кызматкерлеринин камкордугу менен, эмерек дүкөнүнө жумушка орношту. Дагы бирөө — өкмөттүк эмес уюмдарда иштей баштады.
Бирок мындай ийгиликтүүлөр аз, аябай аз, салыштырмалуу кимдир бирөө эмдигиче жашаганга жай, жумуш, колдоо издеп жүрөт.
Биринчи кезекте, өзүңүзгө жана жашооңузду жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө болгон ишенимди калыбына келтирүү үчүн керек болгон психологиялык колдоо болушу
керек. Мындай колдоо «Оэйсисте» дагы көрсөтүлөт. Ал, чынында эле, адамзаттын активдүүлүгүнүн жана жардамынын чакан, бирок ишенимдүү оазиси.
Жашоонун дагы бир оазиси бар – ал коммерциялык эмес “Биздин үн” (“Наш голос”) коомдук фонду. Ал Кыргызстандагы балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон жаштардын социалдык адаптациялануусу менен алектенет.
Алардын Facebook баракчасынан пайдалуу жана кубаныч тартуулаган иштин дем берүүчү үлгүсүн көрсө болот. Алардын «Биздин бакча» («Наша грядка») долбоору жергиликтүү дыйкандардын жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн аракеттерин бириктирүүгө сонун үлгү болуп саналат. «Өзүбүзгө жардам беребиз, бири-бирибизге жардам беребиз» – бул долбоордун жана фонддун урааны. Новопокровка айылындагы жаштар жумуш таап, улгайган адамдар социалдык дүкөнгө ээ болушту. Бул жерде алар товарларды сатышат, башкача айтканда, жергиликтүү тургундар бакчаларында жана огороддорунда өстүргөн нерселерди – экологиялык таза жашылчаларды, жемиштерди, көк чөптөрдү сатышат.
Новопокровка айылынын жанындагы трассада (Ленин көчөсү, 85/1) «Биздин бакча» дүкөнү бар. Бул жерде алар ар дайым кыртылдак капуста, катуу картошка, ширелүү сабиз, тыгыз кабакча, пияз, сарымсак, таттуу алма, алмурут жана башкаларды сатышат.
Албетте, эгерде бейөкмөт уюмдар болбосо, элдин өз ара жардамдашуусунун активдүүлүгү жана өзүн-өзү уюштуруусу болбосо, биз баарыбыз пандемия сыяктуу олуттуу сыноодон аман калмак эмеспиз.
Бирок мамлекет өзүнүн бардык институттары менен кошо жарандарынын, айрыкча оор кырдаалда калгандардын жашоосун жакшыртууга катышуусу керек. Өз жарандарыңызды шайлоо учурунда гана эмес, бардык учурда унутпаңыз.
Автор: Элеонора ПРОЯЕВА Сүрөт: econet.ru
Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.