Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоого даярдык толугу менен иш жүргүзүп, маалымат тармагында үгүт иштери кайнап турган учуру, партиялардын лидерлери жана жаштары теледебаттарга түшүүдө, кандидаттар аймактарды өзүнүн убадалары жана лозунгдары менен ишендирүүдө.
Буларга карабай келе жаткан шайлоодо нааразы болгондордун саны арбын жана партиялардын элге таанылуусу төмөнкү деңгээлде. “Общее дело” коомдук фондунун сурамжылоосуна ылайык, бир ай мурун шайлоочулардын 82%ы кайсы партияга добуш берерин билчү эмес. Интернет айдыңында жүргүзүлгөн көз карандысыз сурамжылоолорго таянсак, эки жумалык үгүт иштерине карабастан, шайлоочулар жаңы жана эски партияларды аңдай албай, кимге шайлайбыз деп турган учуру.
Муну менен биргеликте саясий партиялардын шайлоого даярдыгы төмөн экенин белгилесек болот. Лидерлер Борбордук шайлоо комитетине документтерди туура эмес, акыркы мөөнөттөн өтүп тапшырып, лозунгдары жана баннерлери соцтармактарда талкуу жаратып, үгүт иштеринин жүргүзүлүшүндө эреже бузуулар болуп жатканы тууралуу арыздар келип түшүүдө.
Стратегиялардын ордуна укмуштуудай лозунгдар
Өзгөчө мактоого саясий партиялардын программалары арзыйт. Биринчиден, бардык саясий уюмдардын эксперттер тарабынан, конкреттүү иш-аракеттердин аналитикасы жана алгоритми менен бекитилген жакынкы 5 жылга болгон өлкөнү өнүктүрүү үчүн стратегиялык планы жокко эсе. Партиялар өкмөттүн, жергиликтүү башкаруу органдардын, күч структураларынын жана соттун дагы милдеттерин өз моюнуна алып, аткарылбай турган убадаларды беришүүдө. Бири ири энергетикалык жана өнөр жай объектилерин курууну убада кылышса, экинчилери бийликтин конституциялык институттарын жокко чыгарышса, үчүнчүлөрү социалдык төлөмдөрдү 10 эсе көтөрүүнү убада кылышууда. Бирок бир дагы партия булар кайсы каражаттын эсебинен ишке ашарын түшүндүрүп беришкен жок. Муну менен көптөгөн партиялар Жогорку Кеңештин мыйзамдарды ишке ашыруудан жана өкүлчүлүктөн турган эң биринчи укуктук милдеттерин билишпейт деген бүтүмгө келесиң. Көпчүлүк партиялардын пландарында мыйзам чыгаруу демилгеси, келечектеги өкмөткө келе турган кадрларга болгон талаптар, коронавирус пандемиясынан улам экономикалык кризиске келип такалган өлкөнү өнүгүү жолуна чыгаруучу стратегиялык пландар жокко эсе.
Саясий аналитиктер келе жаткан шайлоодо Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөн шайлоо институту негизделип, ошондой эле өзүнүн жеке максатына жетиш үчүн каржы жана административдик ресурска ээ адамдардын саясий партияларга биригүүсүн белгилешүүдө.
Тарыхы жок жана коомдун кеңири катмарынын колдоосуна ээ болбогон партиялар
Тарыхта Кыргызстанда иш жүзүндө эч кандай партиялык система болгон эмес. Совет мезгилинде Кыргыз ССРинде Коммунисттик партия жетектеген бир партиялуу система болгон. Демек, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында көп партиялуу курулуш процесси биз үчүн таптакыр жаңы көрүнүш болгон деп айта алабыз. Албетте, бул анын сапатына таасирин тийгизбей койгон жок. Ошондуктан учурда Кыргызстандагы бардык партиялар мамлекет менен жарандык коомдун ортосундагы типтүү функцияларын аткарууга эмес, элита аралык байланышты колдоого багыт алышты. Биздин партиялардын басымдуу көпчүлүгү жарандык коомго жана массага таянбастан, жогору жактан түзүлгөн. Ошондуктан алар башынан эле коомдун кызыкчылыктарын чагылдырбастан, саясий элитанын өкүлдөрүнүн чакан топтору болгон.
Учурдагы фавориттердин көпчүлүгү шайлоонун алдында түзүлгөн жана буга чейин шайлоочулар менен иштешип көрбөгөн партиялар. Партиялардын тарыхый лидерлери да, платформалары да, туруктуу пландары жана программалары жок.
Ошондой эле көптөгөн партиялар классикалык саясат таануу бөлүмүнө кирбейт – солчулдар, центристтер, оңчулдар. Партиянын лидерлери өздөрү кайсы идеалдар үчүн күрөшүп жаткандыгын, калктын кайсы бөлүгүн чагылдыргандыгын көп учурда билишпейт. Социалдык демократия, социализм, либерализм, демократиялык социализм жана башкалар сыяктуу расмий белгилер жана декларативдик ураандар бул сөздөрдүн классикалык аныктамасына эч кандай тиешеси жок. Лагердеги социалисттерде олигархтар, либералдарда диктатуранын колдоочулары, оңчул партияларда коммунисттер бар …
Партия деп айтканда, биз буларды түшүнөбүз… Маяковскийдин бул белгилүү саптары Кыргызстан үчүн социализм доорунда гана эмес, өлкөнүн эгемендүү калыптануу мезгилинде дагы актуалдуу болгон. Партиянын таанылышы жана ийгилиги партиянын башчыларына, алардын жаратуучуларына жана шыктандыруучуларына гана байланыштуу болгон. Атамбаевдин учурунда өлкөдөгү лидер партия деп эсептелген КСДПнын жаркын мисалы. Мурунку президент камалары менен КСДП иш жүзүндө токтоп калды.
Партияны жеке бир адам аркылуу кабылдоого партиянын тизмесинде жок болсо дагы, анын көптөн бери келе жаткан лидери катары Өмүрбек Текебаев менен бекем символдошкон “Ата Мекен” партиясы мисал боло алат. “Республика” жана “Ата Журт” партиялары лидерлери жок солгундап кетти.
Учурдагы шайлоонун өзгөчөлүгү — партияларда элди арбап алган жаркын, харизматикалык лидерлердин жоктугу. Шайлоочулар биринчи жолу көптөгөн партия лидерлеринин ысымдарын угуп жатышат. Партиялардын жаштар лидерлери дебаттардан көңүл калтырып, кесиптик нигилизмди гана эмес, оппоненттерди сыйлоонун элементардык сезимин көрсөтүштү.
Эң жаңы формациядагы партиялар элиталык бизнес клубдарга айланды, ал жерде коррупциялашкан олигархтар, жогорку даражалуу чиновниктер, ири бизнес өкүлдөрү, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү, ири аймактык кландардын лидерлери өз ара пайдалуу келишимдин негизинде чогулушат.
Ошол эле учурда, депутаттыкка алгачкы он (жыйырма) талапкер идеологиялык көз караштын, кесипкөйлүктүн же саясий позициянын негизинде эмес, көпчүлүк учурда партиянын каржылоосуна кошкон жеке салымынын негизинде түзүлөт.
Олигархтар, кылмышкерлер жана кландардын лидерлери
Бул «бизнес клубдар» Жогорку Кеңешке өткөндө эмне болорун элестетүү гана мүмкүн. Натыйжада, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргошу керек болгон сапаттуу, кесипкөй парламенттин ордуна биз олигархияга ээ болобуз. Ал эми, партиялар жарыялаган бардык ураандар жана платформалар унутулуп, парламентте депутаттардын ишкердик кызыкчылыктары гана корголот.
Жогорку Кеңеште монополияны орнотуп, алар өзүлөрүнүн каалоолорун мамлекетке жана коомго таңуулап, өзүнө пайдалуу мыйзамдарды кабыл алышат, бизнес империяларын коргоп, чыңдашат жана өнүктүрүшөт. Ошентип, олигархиялык партиялардын бири 2015-жылы шайлоодогу убадаларынын 20%ын да аткарган жок.
Эң жаманы, мындай сценарий чындыгында реалдуу көрүнүшкө ээ. Бийлик коронавирус менен күрөшүп жаткан элди жалгыз калтырып, андан кийин экономикалык каатчылыкка туш кылып, эми минтип элибиз акчага аябай муктаж болуп турган учуру. Айласы кеткенде, ал өз добушун олигархтарга сатып жибериши мүмкүн. Бирок, азыр бир тыйынга сатылган добуш менен биз өз балдарыбыздын келечегин, өлкөнүн келечегин сатып жатаканыбызды түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан жүрөгүң менен добуш беришиң керек.