ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 08:41
0 ой-пикир

2020-жылдын сентярбь айынын ортосунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан. Такталган маалымат боюнча КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган Б.Ш. Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 296 жана 286-беренелери боюнча баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөн. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.