Космосбек Чолпонбаевди Финпол кармады

Окуялар тизмеги 16 Сен 2020 07:55
0 ой-пикир

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда «шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдады.

Финпол Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле «элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген» деп жазылган.

Экс-министр Чолпонбаевди Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.