Профессор Зайнидин Курманов – атайын Elgezit.kg үчүн
Партиялардын программаларын көпкө чейин издедим, акыры таптым. Деградация уланып жатат жана биздин партиялар шайлоонун милдеттүү атрибуттары – партиянын программалары жана убадаларынан баш тартышты деп ойлодум. Бактыга жараша, бул мындай эмес болуп чыкты. Ошондуктан мен тапкан программаларды, ошондой эле партиялардын лидерлери тарабынан буга чейин айтылган сөздөрдү талдап чыгам. Мени таң катырганы жаш партия «Мекеним Кыргызстан» баарынан биринчилерден болуп өзүнүн программасын интернеттен тааныштыра баштады. А бүгүн көп тажрыйбалуу «Ата Мекен» партиясынын программасын таптым. Ошондой эле «Республика» партиясынын лидеринин сүйлөгөн сөздөрү да колумда турат, аларды жаңы келген деп айтууга болбойт, мурункудай эле алгачкылардан болуп олуттуу документ менен даярдалууга тийиш эле. Мен эмнеге партиялар шайлоочуларды өз программалары менен тааныштыргысы келбей жатканын түшүнбөй жатам. Атаандаштар уурдап кетет деп коркуп жатышабы?
Шайлоодо партиялардын программаларынын ролу өтө чоң. Алар бийликке барганда эмнени жасай турганын, алардан эмне күтсө болорун айтышат. Өнүккөн өлкөлөрдө жаңы адамдар менен жаңы үмүттөрдү, өздөрүнүн пландарын байланыштырышат. Шайлоодо жарандар өз келечегин тандашат! Башкысы, партиялар берген убадаларын аткарышат. Ошондуктан бул өлкөлөр бат өнүгүүдө. А партиялар жүз жылдап өлкөнү башкарып, шайлоочулардын алдындагы өз милдеттерин аткарып келишет. Оппозициядабы же бийликтеби, мааниси жок. Депутаттары бир партиядан экинчи партияга өтүп кетпейт. А шайлоочулар өз добуштарын сатпайт, партиялардын программалык убадаларын окуп талдап чыгышат. Анан баарынан көп канааттындарган партияны тандашат. Бизде, тилекке каршы, баары тескерисинче. Партиялар берген убадаларын аткарышпайт. Ошондуктан өлкөбүз жарды. А шайлоочулар эртеңки жашоосун шайлоо менен байланыштырышпайт. Бирок мурда эле ушинтиш керек эле. Пенсиялар жана айлык акылар көбөйүп, элдин жашоосу жакшырабы? Кайсы саясатка артыкчылык берилет: социалдык чөйрөгөбү же экономикалык өсүшкөбү? Дайым жетишсиз боло берген акчаны партиялар каяктан алганы жатышат: элденби же олигархтарданбы? Талапкерлерди эмнеге парламентке барганы жатышат, ал жакта эмне кылгысы келип жатат, эмне кылып таң калтырат, өлкө өнүгүш үчүн эмнени өзгөрткөнү жатат деген сурамжылоо.
Партиялардын программалары – депутаттар үчүн жакшы стол китеби, иш планы, жаңы идеялардын булагы. Анда депутат эмне иш кылышы керектиги, баары так жазылган, а сиз андан эмне күтүш керектигин билсеңиз болот.
Шайлоо алдындагы партиялардын убадаларын окуп чыгуу мен үчүн дайым кызык. Программасы аркылуу мен ал кандай партия экенин, элге кандай кам көрөт, алардын максат-тилектери, перспективасы жана башкалар тууралуу сындай алам. Чыныгы САЯСАТ эми башталат, РЕФОРМАЛАР башталат, өлкө тез арада өнүгө баштайт деген үмүт менен окуп жатам. Катуу кетпейин, биздин партиялардын баары жаш, саясий тажрыйбалары аз. Мамлекеттүүлүгүбүздүн өзүнө 30 эле жыл болду.
Бул жолу аябай таң калдым. Күтүлгөндөй эмес, социалдык тармактарда ар кандай адамдар тепкиге алып жаткан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын (мындан ары «МК») программасы абдан ойлонулган документ болуп чыкты. Жалкоолонбой окуп чыгыңыз. Бул социалдык либералдык идеологияга негизделген абдан бекем, бүтүн иш-аракет программасы. Революцияларга чейин бул идеологияны россиялык кадеттер (Милюков, Вернадский, Струве, Муромцев, алашчылар – Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыз Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана башкалар) бөлүшүп келишкен. Нонсенс! Беш жылдыкка гана эмес, андан кийинки мезгилге да иштелип чыккан план.
Партия жөн гана убадаларды эмес, таптакыр жаңы саясатты сунуштады. Булар башка партиялардан уурдалган, ырааттуу эмес идеялардын үзүндүлөрү эмес.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы кезектеги «центристтик болот» эмес, тескерисинче, адамга, анын укуктарына жана эркиндиктерине, материалдык жыргалчылыгына кам көргөн заманбап прогрессивдүү идеологияга ээ партия болуп чыкты. «Мекеним Кыргызстан» – бул идеологиялык партия, анын программасында көз караштар системасы, учурдагы «жапайы капитализмдин» ордуна Кыргызстанда цивилизациялуу «социалдык капитализмди» куруу боюнча партиянын көз карашы баяндалган.
Мурунку СССР өлкөлөрүндө либералдуу партиялар – эркиндик партиялары жок болгондугу мени ар дайым таң калтырчу. А “либерал” сөзү жемелеген маанини билдирген. “Эркиндик партиясы” жок кантип эгемен мамлекет болууга болот? Бул идеология азыр олигархиялык башкаруу формасы менен эркин эмес өлкөгө айланып бара жаткан Кыргызстанда өтө актуалдуу. Ушул себептен эркиндикти чектөө боюнча көптөгөн мыйзамдык демилгелер чыккан. Жарандар мындай системанын алдында мамлекетке үмүт артпай, өздөрүн өздөрү эптегенге муктаж, бул коронавирус менен күрөшүүдө айдан ачык билинди.
Социалдык либерализм идеологиясынан адамдар үчүн маанилүү көйгөй болгон адам укуктары, жарандык коомду өнүктүрүү, ишкердүүлүк, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, региондук өнүгүү, экономикалык саясат ж.б.у.с. партиялардын иш-аракет программасы келип чыгат.
Белгилүү бир тармактын абалын анализдөө конкреттүү сунуштар топтому менен, тармакты модернизациялоо, жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эмне кылуу керек ж.б. менен бекемделет.
Тышкы саясатка – ЕАЭБдин алкагында евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө чоң маани берилет, анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. ЕБ дагы, НАФТА дагы бизди күтпөйт. Булардан башка эч ким жок. Албетте, Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялансак болот. Бирок кантип?
Программа түшүнүктүү тилде жазылган. “Кыргызстан региондо ийгиликтүү модернизациялоонун үлгүсү боло алат. Төрт «Чыгыш Азия жолборстору» бар. Эми «Орто Азия илбирстерине» кез келди деген жандуу чакырык менен аяктайт.
Кемчилиги, менин оюмча, Жогорку Кеңештин курамын эки эсеге кыскартуу сунушу. Парламенттин ишинин сапатына нааразы болгондору го түшүнүктүү, андайда кээде аны жоюп салгың келет. Бирок мыйзамдарды Жогорку Кеңеш гана кабыл алат. Башка эч ким кабыл албайт. Чакан парламенттин коркунучу, биринчиден, өкүлчүлүктөрдүн жетишсиздигинде, бул легитимдүүлүктүн начардыгын билдирет. Кыргызстанда 80 элдин өкүлдөрү жашайт. Демек, жок дегенде 80 мандат болуш керек. Экинчиден, чакан парламентти орто деңгээлдеги олигархтын деле сатып алуусу оңой болот. Үчүнчүдөн, парламент – бул башкаруунун жогорку кадрларын даярдоо мектеби. Кыскартуу менен өлкөнүн өкмөтүнө жаңы күчтөрдүн келиши азайышы мүмкүн.
“Мекеним Кыргызстан” партиясы Жогорку Кеңешке өтүп калса, сөзсүз өздөрүнүн программасын ишке ашырууну колго алышын каалайт элем. Анда Кыргызстан такыр башка, кооз өлкө болуп чыга келмек.
Шайлоо алдындагы жарыштын калган лидерлеринин, эксперттер жеңишке жетет деп айтып жаткан “Биримдик” менен “Кыргызстан” партияларынын программаларын тапкан жокмун. Аларга да анализ берүү үчүн сөзсүз түрдө карап чыгам.
«АТА МЕКЕН» партиясынын шайлоо алдындагы убадалары – «ЖАҢЫ ДЕМ» абдан кызыктуу боло баштады. Партия өзүнүн программалык документтеринин үстүнөн олуттуу иштеп, жаңы жана заманбап, эң негизгиси реалдуу көрүнгөн социалдык багыттагы реформалоо программасын иштеп чыкты. Социалисттик партиянын сунуш топтомдору өз убагында жана актуалдуу. «Өлкө жаңы кадам жасашы керек, жаңы дем ачылышы керек» деген партиянын билдирүүсүнө туура келет.
Бирок «Ата Мекендин» программасынын негизги «изюминкасы» – чыныгы жетишкендик – бул партиянын өкмөттүн алдындагы реформаларга жетекчилик кылган орган – өлкөнүн «мээсин» түзүү сунушу. Бул жөн гана кызыктуу жана келечектүү идея эмес. Ушул кезге чейин жарандык коомдон башка эч ким реформага катышкан эмес. Реформалар тиешелүү ведомстволорго жүктөлгөн, бул коррупцияны жана натыйжасыздыкты гана күчөтүп, баш аламандыкты жана бюрократиянын өсүшүнө алып келген.
Реформаларды окшош кылышты, акыры ишке ашпай калды да, эми баарын кайра башынан баштоого туура келип жатат. Жарандык коомдун бийик мотивациясы бар эле, бирок кыймылдаткыч күчү жок эле. А бийликтин кыймылдаткыч күчү бар, бирок кызыкдар эмес эле, анткени эски схемалар коррупционерлерди жакшы байытып турду.
Эгерде “Ата Мекен” партиясы чындыгында эле бул идеяны ишке ашыра алса, анда Кыргызстанда эл үчүн чыныгы революциялык реформаларды жүргүзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул борбордо биздин өлкөбүздү өзгөртүүгө акылы жана мүмкүнчүлүгү бар бардык күчтөр болот. Анын президенттик аппаратта же парламентте эмес, өкмөттүн алдында түзүлгөнү туура. Өлкөдөгү жалпы чарбачылык үчүн жооптуу өкмөт жарандык коом жана бизнес, ошондой эле эксперттик топ менен түздөн-түз иштеши керек болот.
Ар дайым өзүн жаратуу партиясы катары көрсөтүп келген «Республика» партиясынын лозунгдары мени таң калтырды. Тигини жок кылабыз, муну жок кылабыз. Өлкө кыйратуучулардан “өлгүдөй” тажады. Партия «президенттик бийликти жоюуну» каалайбы? Анда ким мыйзамдарга кол коёт, мамлекеттин өкүлү болуп ким чыгат деген суроо жаралат. Спикер – парламенттин башчысы, премьер-министр – өкмөттүн башчысыбы? А мамлекет башчысы ким болот? Дүйнө жүзүндө суверендүү мамлекетти монархтар же президенттер тарабынан көрсөтүшөт.
Президент – бул бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң туруктуу саясий фигура. Аны алып салып көргүлө, Кыргызстанда баш аламандык башталат, өкмөт менен парламент бийлик үчүн күрөштү башташат. 29 жылдын ичинде өлкөдө 30дан ашуун премьер-министр жана 20 спикер алмашты. Жок дегенде укуксуз парламенттик президентти калтыргыла!
Жалпысынан, эки партиянын программаларын талдоонун негизинде саясий партиялардын долбоордук иш-аракеттери бир кыйла жакшырды деп айтууга болот. Башка партиялар дагы долбоордук документтеринин жогорку сапаты менен бизди таң калтыра алат деп үмүт кылам. Аз гана иш калды, бул пландарды мыйзамга киргизүү калды.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.