Шайлоонун алдында 22 бузуу фактысы катталды

Окуялар тизмеги 11 Сен 2020 16:39
0 ой-пикир

Башкы прокуратура парламенттик шайлоонун алдында 22 бузуу фактысын катталганын билдирди. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, башкы көзөмөл орган шайлоо мыйзамын бузууга жол бербөө үчүн ЖМК менен интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүүдө.

Маалыматта, жалпысынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки өнүдүрүш башталган. Алардын 21и каралып, ички иштер органдарына тапшырылган. Жарыяланган материалдардын көбү шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу.

Башкы прокуратура ошондой эле, аткаминерлер, муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, дин ишмерлери, кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрү менен өкүлдөрү, жашы жете электер, чет элдик жарандар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын эскертет.

«Ал эми БШКга 6-августтан 10-сентябрга чейин шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 33 арыз билдирүү түшкөн. Алардын 18и добуш сатып алууга байланыштуу, административдик ресурсту пайдалануу боюнча 10 арыз келген. Ошондой эле, шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 4 факты тууралуу маалымат түшкөн» — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган арыздардын эң көбү Бишкектен жазылган — 20. Жалал-Абадда — 5, Ош шаарында — 4, Чүйдө — 2 жана Нарын менен Ысык-Көлдө бирден арыз түшкөн.

Кошумчалай кетсек,  БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова укук коргоо органдарында мыйзам бузуу фактылары көп экенин айтты. Бирок азырынча ИИМ ал тууралуу толук маалымат бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.