Кудрет Тайчабаров: «Бүтүндү» өткөрбөшүнө көзү жеткен Мадумаров өлө элек кишинин байлыгын бөлүштүргөндөй болуп атат»

Окуялар тизмеги 08 Сен 2020 14:04
1 ой-пикир

Кудрет Тайчабаров ачуу чындыкты айтты, же Адахан Мадумаровдун тарапташтары «маңкурттарбы»?, — деп Акыйкат маалымат таратты.

Кайсы бир саясатчыны кумир тутуп, анын фанаты болуунун да чеги болот. Өзүнө караганда ошол саясатчыга көбүрөөк ишенип, анын баскан-турганына, сүйлөгөн сөздөрүнө чаң жугузбай «жалап-жуктап» турган фанаттар бизде толтура. Бул жагынан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айрым тарапташтары өзгөчө. «Кумири» кайра-кайра тилинен жаңылып жатса деле, ишмердүүлүгүнөн былыктары чыгып жатса да «А. Мадумаров таптакыр жаңылбайт, ал периште» эле дей беришет. Эмне кылып алардын башын мынчалык айлантып салганын түшүнбөйсүң. Баштарына төөнүн терисинен шири жасап кийгизип койгон сыяктуу эле. Анан ал баш сөөктү кысып отуруп, «Мадумаров гана мыкты, ал ак карга, периште» деп гана сүйлөп калышкандай туюлат. Мына ушул ойду журналист Кудрет Тайчабаров өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына таасын жазыптыр.

Адегенде түшүндүрө кетели, кечээ 7-сентябрда интернеттеги социалдык түйүндөрдө А. Мадумаровдун мурдагы президент Атамбаевдин уулдары – Сейит Атамбаев, Кадыр Атамбаев жана Темирлан Султанбековдор менен борбор калаадагы кафелердин биринде жашыруун жолугушканын айгинелеген видеотасма тараган. Анда алардан башка кафеде чоочун киши жок экенин көрүүгө болот. Кафенин кызматкерлеринин бири имараттын терезесинин пардасын да тартып жаап жатканын көрүүгө болот.

Мына ушундан улам «Мадумаров өзүнүн партиясынын добуштарын Атамбаевдин балдарына сатып жатат» деген коомдук пикир жаралган. Мына ушул видеотасма тууралуу Кудрет Тайчабаров мындай дейт: «Бүтүнчүлөр» капа болбогула, бирок, Мадумаров силер ээрчий турган адам эмес!Бул киши ушунчалык акылдуу, бул жолугушууга ар түрдүү суудан кургак чыга турган жооп таап чыгат. Андан да Атамбаевдин балдарына ал жоопту жаттатып коет. Анан тескерисинче бизди, Мадумаровду жакшы эмес дегендерге тукуруп коет. Анан силер фас делген иттердей үрүп киресиңер», — дейт ал Мадумаровдун тарапташтарына. Чындыгында эле биз Мадумаровдун буга чейин деле суудан кургак чыккысы келген аракеттерин көп көрдүк. Айткан сөзүн деле айткан эмесмин, сен уккан эмессиң деп танып кетет.

Бул жолу деле ошентиши мүмкүн. Андан ары К. Тайчабаров мындай деп улантат: «Добушуңарды сатпаса, башка кайсы максат менен жолуккан болот? «Бүтүндү» өткөрбөшүнө көзү жеткен Мадумаров өлө элек кишинин байлыгын бөлүштүргөндөй болуп атат. Туура, Мадумаровдо акча жок, даже 1 кг унум жок деп магазинге өзү гөлөш кийип барып жүргөнүн көрдүңөр эле го. Мандат сатканын өзү эмес башкалар айтып чыкты. Каркыра деле бекер кетпесе керек. Андыктан, силердин ишенимиңерди колдогон кишини мындан ары да колдоп, коргоп, көзүңөрдү ачкысы келген адамдарды каба берсеңер, силерди дубаланган жигит катары кабыл алып, Айтматовдун чыгармасындагы кожанный шапкечен бирөө деп түшүнө баштайбыз».Мындан ашыкча таасын баа берүү кыйын Адахан мырзанын кабанаак тарапташтарына. «Маңкурт» болуунун да чеги болот. Силер Мадумаровду колдоп, ага ишенип кыйкыра бересиңер, ал эми ишенген адамыңар минтип силердин добуштарды ар кимге акчаг сатып жүрө берет.

Сүрөт www

Кудрет Тайчабаров: «Бүтүндү» өткөрбөшүнө көзү жеткен Мадумаров өлө элек кишинин байлыгын бөлүштүргөндөй болуп атат»” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.