Кыргызстанда соңку бир күндө коронавирус 55 адамдан табылды, бул илдеттен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 7-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, жаңы катталган 55 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 13 адам. Бишкекте 12, Жалал-Абад облусунда 11, Ысык-Көл облусунда тогуз, Ош облусунда беш, Чүй жана Талас облустарында экиден, Ош шаарында бир адам.
Бир сутка ичинде катталгандардын бешөө медицина кызматкерлери, алардын үчөө Баткен облусунда, экөө Ысык-Көл облусунда.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 миң 458 адамга жукту, алардын 39 миң 960ы айыкты, 1061и каза болду.
Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 601 бейтап ооруканаларда, үч миңдей бейтап үйүндө дарыланууда.
Кечээтен бери бул илдеттен айыккан 134 адам ооруканадан чыкты, алардын үчөө медицина кызматкерлери.
Интернеттен алынды