Тимур Файзиевдин «футбол – деңгээли төмөн адамдар үчүн акылсыз оюн ”, -деген сөзүнө Азамат Байматов жооп берди

Окуялар тизмеги 06 Сен 2020 13:17
0 ой-пикир

Жеке ишкер Тимур Файзиевдин түз эфир учурунда футбол деңгээли төмөндөр үчүн акылсыз оюн деген сөзүнө белгилүү футболчу Азамат Байматов комментарий берди.

 «Сен бир үй саласың, экинчисин саласың, анан эмне? Бул карапайым элге эмне тиешеси бар? Карапайым эл – бул биздин дүйнөлүк күйөрмандар. Алар дүйнө чемпионатынын катышуучулары Японияга каршы оюнга акыркы 500 сомуна билет сатып алып, кыргыз футболчуларын колдоого келгендер. Сен аларды «популисттер» деп кемсинттиң!

Ооба, бизде стадион жок, сиздей пессимисттердин айынан биз эшикте ойноп жатабыз. Эмне үчүн муну жалгыз Аскар Салымбеков жасашы керек? Мен сизге муну айтам, сиз кыла албайсыз, анткени сиз пиарчы адамсыз, сиз гив ойнотуп, сүйлөгөндөн башканы билбейсиз! ”, – деп жооп берди Байматов.

Эске салсак, 4-сентябрда жеке ишкер Тимур Файзиев журналисттин “Сиз стадион кура аласызбы?”, -деген суроосуна “Мен кыла алам, бирок каалабайм. Себеби футбол – деңгээли төмөн адамдар үчүн акылсыз оюн ”, -деп жооп берген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.