«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинен алынган Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко бере турганы маалым болду. Ал 4-сентябрда Бишкектин административдик сотуна арызын берилет.
«БШКнын менин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үстүнөн жазган арызыма карата чыгарган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылып жатам. 2-сентябрда БШК менин арызымды карап, «сотко кайрылсын» деген чечим чыгарды. Алар менин маселемди чечиштин ордуна сотко түртүп коюшту», — деди ал.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган ал «жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген» деп партия лидери Адахан Мадумаровду айыптап, Боршайкомдон жыйында кабыл алынган тизмени калыбына келтирүүсүн талап кылууну өтүнгөн.
Сүрөт интернеттен алынды