Ойнолбой калган Пьяццолла, COVID-19 жана кечиккен гүлдөр

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 01 Сен 2020 08:55
0 ой-пикир

Кыздын атын Сүйүмкан коюшту. Аны атасы абдан жакшы көрүп, апасы эркелетип турчу, себеби ал үй-бүлөдө жалгыз кыз эле. Сүйүмкан сүйкүмдүү, акылдуу, зирек жана музыкага жакын кыз болчу, бул анын атасын абдан кубантып турчу. Себеби атасынын үнү уккулуктуу болуп жана үй-бүлөлүк майрамдык иш-чараларда дайыма ырдап турчу, бирок музыкалык билим алган эмес.

Кызы музыкалык талантын өнүктүрүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр болушу керек деген атасы Сүйүмканды музыкалык мектепке берген, кийин музыкалык окуу жайды аяктап, андан кийин консерваторияга кыл кыяк бөлүмүнө тапшырган. Кыл кыяк назик, кубулма, ошол эле убакта күчтүү аспап, ал аялдардын мүнөзүнө абдан окшош деп ойлочу атасы. Ал акылдуу кызынын ийгиликтерине кубанып, сыймыктанып турчу. Баары жакшы болчу… Кылыч ала качып кеткенге чейин жакшы болчу.

Бул окуяны Сүйүмкандын атасы менен апасы кандай кабыл алганын жалгыз кызын абдан сүйгөндөр эле түшүнсө керек.

Башында Кылыч жакшы жигиттей көрүнгөн, сыйчыл, иштерман, ишенимдүү. Кызды макулдугу жок ала качып кеткенин салтка шылтап, моюн сунуп калышты.

Сүйүмкан үчүн аны мажбурлашканы, сезимдери менен эсептешпегени, башка бирөөнүн эркине багынууга мажбурлашканын, башка эркектин жыты, баары режиссеру белгисиз болгон коркунучтуу тасмадай эле.

Ошентип аны жандуу куурчактай эле пайдаланышып, көшөгөгө киргизип, ак жоолук салып коюшту. Калейдоскоп сыяктуу эле ар түрдүү аялдардын жүздөрү көрүнүп жатты, мына апасынын жүзү – көздөрү коркунучка толгон, белгисиздикке кабылган жүз. Күйөө болчу баланын апасынын жүзү – ал дагы бейтааныш эле. Андан кийин ал күйөө болчу жигит сулуу, узун бойлуу, спорттук дене түзүлүштөгү, сары бала экенин көрдү. “Балакай”, — деп ойлоду Сүйүмкан. Бул ала качуу болбосо ал жигит Сүйүмканга жакмак экен. Дароо жактырмак. Бирок ал ошол маалда көнүшү керек эле.

Той өткөрүштү, жаш үй-бүлө түтүн булатып баштады, өз үй-бүлөсү, өз мамилеси, өз милдеттери.

Сүйүмкан 27 жашка чыкканда 3 балалуу болду: 6 жаштагы уулу, 4 жана 2 жаштагы кыздары бар болчу. Тамак жасоо, кир жуу, бала бакча жана балдардын ооруп, сыркоолоп калуусу, мунун баары жаш айымдын күнүмдүк жашоосуна айланган.

Ал консерваторияны бүткөн жок, бирок кыл кыякты таштай албады – бул аспап анын жан дүйнөсү, кубанычы, сырдашы эле. Сүйүмкан кыл кыякты күйөөсүнөн жашынып алып ойночу, себеби күйөөсү бул музыканы, бул ноталарды түшүнчү эмес, жинденип кетчү, музыканы такыр жактырчу эмес. Астор Пьяццолланы ойноп жатканда Сүйүмканды көргөн күйөөсү бул аял андан канча алыс экенин түшүнгөн. Ал кыл кыякты ойноп жатканда аялынын көздөрү күйүп, жан дүйнөсү гүлдөп кетерин түшүнүп жинденип, үйүндө музыка үнү угулбасын деп тыюу салчу!

Кылыч олуттуу, бир мүнөз адам болчу. 35 жашында гүлдөргө байланышкан бизнеси бар эле: шаар ичинде Голландиядан, Израилден, Эквадордон келген розалар, жоогазындар сатылчу бир нече жайлары бар эле. Ижаралар, гүлдү алып келгендер, кызматкерлер, кыскасы иши көп эле. Гүл бул айымдарга байланыштуу иш дешиңиз мүмкүн, бирок бул иш жүзүндө андай эмес болчу. Дагы жакшы мыкты жардамчы тапкан Кылычтын бош убактысы көп эле. Үйүндө болсо балдары, аялы күтүп турчу, дайыма үйү ызы-чуу болчу, ошондуктан үйгө барууга шашчу эмес. Сулуу кыздарды чакырып, алар менен кечти чогу өткөрүү ал үчүн көйгөй деле эмес эле.

Сүйүмкан анын унаасынан эрин боегучту таап алганда ал өзү күнөөлүү болуп чыкты. Ал жана анын кыл кыягы. Күнөөнү аялына оодарыш үчүн Кылыч муштумун да ишке салды. Ооба, ал гана укукка ээ болчу, ал эми Сүйүмкан милдеттерге гана ээ болчу. Ал үйүнө да өзүнө да ээ эмес эле.

Ал атасына да, апасына да арыздана алчу эмес, эл эмне дейт деп турчу. Анын үстүнө кары ата-энесин кайгыга салгысы келчү эмес. Жада калса, бетиндеги көгалалардан улам үй-бүлөлүк майрамдарга да катыша албай калчу.

2020-жылдын жаз айлары Сүйүмкан үчүн чыныгы сыноо болгон, себеби ал COVID-19 менен ооруп калды. Дене табы көтөрүлүп, денеси от менен жалын болуп жатты. Сүйүмкан үйүндө эмес эле туманды аралап жүргөндөй болду, аба жетпей бара жатты. Үч баласын караганга киши болгон жок. Ата-энеси алыста, анын үстүнө аларды тынчсыздандыргысы келбейт, ал ооруну басып жүрүп эле жеңгенге да көнгөн. Балким азыр деле жакшы болуп кетем, чыдашым керек деп жатты.

5 күн бою дене табы түшпөй туруп алды, күйөөсү эч нерсени байкаган жок. Ал негизи эле акыркы күндөрү үй-бүлөсүнө, балдарына көп көңүл бурбай калган. Жумушум көп деген шылтоосу даяр эле: шашылыш сүйлөшүүлөр, ижара акысын төлөш керек ж.б. шылтоолору бар болчу. Сүйүмкан ага абалын түшүндүргүсү келгенде табак кармап турган колуна бир чапкан, тамакты убагында берген жоксуң деген шылтоо айткан! Табактагы ысык тамак колуна төгүлүп кеткен, ал табактын сыныктарын чогултканы эңкейгенде жөтөлү күч алып, тура албай кулап түшкөн.

Ал жерде жатты, ал эми Кылыч болсо ийнинен тартып: “Эй сага эмне болду? Тур. Эй, балдар ыйлап жатат” деп капталга бир тепкенге үлгүргөн. Балдар чындап эле ыйлап жаткан, Кылыч эмне кыларын билбей туруп калды.

Ал шаарда, деги эле дүйнөдө жаңы вирус пайда болгонун билчү, бирок ишенген эмес, кимдир-бирөө пайда табыш үчүн жасап жатат деп ойлогон. Бул жерде болсо оору өз үйүнө келип турат… 103 номерин терди. Ага 118 номерине чалгыла деген жооп айтышты. Ал жакка араңдан зорго чалды. Үч күндөн кийин келебиз, бизге кайрылгандар көп, сиздерди кезекке койдук деген жооп укту.

Кылыч дагы деле жерде жаткан аялын карады, аны диванга жаткырды. Арык аялы өтө жеңил экенин байкады, аны качан кучактаганын унутуп калганы оюна кылт этти.

Кайнатасы телефон чалып: “Сүйүмканга эмне болду, байланыша албай жатам” деди…

Кылыч аялынын терезеде турган телефонун көрдү, кубаты түгөнүп калыптыр.

Кайнатасына баарын айтып берүүгө туура келди: 103, 118 номерлерине чалдым. Мен күнөөлүүмүнбү, келбей жатышат, мен эмне кыла алам?” деди.

Сүйүмкандын атасы жарым саатта жетип келди, аны ооруканага алып жөнөштү. Сүйүмкандын апасы неберелери менен үйдө калды.

Кылыч менен Таалай кайда гана барышкан жок: 1-оорукана, Чүй ооруканасы, Интергельподогу оорукана, Фучик көчөсүндөгү оорукана, инфекциялык оорукана… Инфекциялык ооруканада анализдеринде ковид деген белги чыкса гана кабыл алабыз дешти. Кайсы анализ? Анализдин жыйынтыгын алуу үчүн үч күн керек, убакыт жок: Сүйүмкан болсо унаанын арткы орундугунда кырылдап жатат.

“Ганси” авиабазасында ачылган ооруканага алып жөнөштү. Темир курулмаларды оорукана кылып коюшуптур, июль айындагы ысыктан улам ичи өтө ысык эле. Кондиционерлерди иштетишпейт экен. Медициналык кызматкерлер жетишпейт. Бейтаптар сааттап кезектерин күтүп жатышат. Кислороддук компрессорлор жетишпейт.

Таалай кызына тезирээк жардам бериш үчүн нары-бери чуркап жүрөт.

Кылыч жини келип, шашып жүрөт. Жаңы эле телефон чалышып, гүлдөр бажы чек арасынан өтпөй жатканын айтышты.

Гүлдөр – алар тез соолуп калат. Жада калса идишке отургузулган болсо дагы өзгөчө багуу, өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, ооруп да калышат. Эх товарым соолуп калат, канча деген акча салдым эле! Сүйүмкан.. Ммм.. анын жанында атасы бар го деп ойлоду Кылыч.

Ошентип Кылыч аялын да карабай чыгып кетти. Эч нерсе болбойт, айыгып кетет. Канча жолу ооруп, бирок айыгып кетип жатты го…

Чалып жатышат, дагы деле чалып жатышат. Гүлдөр, товар, акча.

Ал барып, бажы маселесин чечкиче розалар соолуй түшүптүр. Жанталашканы бекер кетти!

Ысыктан соолуп калган кандай кызыл баректерди кармалап жатты. Кандай кызыл…”Гансидеги” ооруканадагы доктур эмне деп жатты эле? Кайнатасына чалды жооп берген жок, бир туруп линия бош эмес, бир туруп албай коет. Кызык, Сүйүмканды ооруканага кабыл алышты болду бекен? Балким дары берип, үйүнө жибергендир. Ал үйдөн дайыма дары ичип алып эле сакайып кетчү. Эч качан жатып калган эмес. Эч качан жатып эс алчы, эмне жардам берейин деп сураган эмес экен. Аялынын денесинен көгалалар жумалап кетчү эмес, унаасынан эрин боегуч таап алса эмне экен? Эркек урса болот. Укугум бар. Чыдасын.

Кыл кыягы да жинге тиет да турат, чыйкылдап, музыкант имиш!

Кылыч ого бетер жинденип чыкты. Сүйүмканга олуттуу бир нерсе болгонун да сезгендей.

Соолуп бара жаткан розаларды дагы бир сылап өттү, алар буркурап аңкып турган. Эң жакшы розалардан 7 даана тандап алды. Рулга отуруп, ооруканага жөнөдү.

Ооба, кайнатасы Сүйүмканды ооруканага жаткырыптыр, бирок эч кимди киргизбей жаткан экен. Ал алсыз болгондуктан доктурлар кубанычтуу эч нерсе айта алышкан эмес.

Кылыч нес болуп туруп калды. Болушу мүмкүн эмес! Эмне деген жомокторду айтып жатасыңар? Ал күчтүү, ал эч качан төшөктө жаткан эмес, дене табы көтөрүлсө да жатчу эмес, мына мен роза алып келдим… соолуган эмес, кызыл… Эмне? Ага бере албайсыңарбы? Эмнеге? Өлүп калдыбы? Кантип өлдү? Розаларды алып келдим го, розалар, тирүү розалар…

Бул окуя чыныгы жашоодон алынган. Каармандардын ысымдары өзгөртүлдү. Автор: Элеонора ПРОЯЕВА

Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.