«Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган митинг болуп жатат

Окуялар тизмеги 01 Сен 2020 16:47
0 ой-пикир

Жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү пикетке катышууда. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек экенин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат.

Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.