Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Окуялар тизмеги 01 Сен 2020 14:55
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.